Биз менен байланышыңыз

27-март: Дагы 14 жарандан коронавирус аныкталды, жалпы 58ге жетти

Кыска кабар | 27 Мар 2020 | 7463 | 0

2020-жылдын 27-марты саат 14:00гө карата Кыргызстанда коронавирус жуктуруунун 14 жаӊы учуру катталды, Жалал-Абадда жана Ошто 7 учурдан. Бул тууралуу бүгүнкү брифинг учурунда Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирусун жуктурган 58 учуру аныкталган. Алардын ичинен:
Жалал-Абад облусунда – 27
Ош облусунда – 26
Бишкек ш. – 4 (Чүй облусунун Москва районунун бир тургуну борбор калаанын инфекциялык ооруканасына которулган)
Баткен облусунда – 1

Жаңы катталгандардын бешөөсү умрадан келген, калганы мурда коронавирус аныкталгандар менен контактта болушкан.

Казакстан: Жамбылдагы коронавирус жуктурган 3 адам Кыргызстандан келген

Copyright © 2017 Maral FM