Биз менен байланышыңыз

Казакстан: Жамбылдагы коронавирус жуктурган 3 адам Кыргызстандан келген

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Мар 2020 | 1844 | 0

Казакстандын Жамбыл облусунда коронавирус боюнча катталган 3 учурдун баары Кыргызстандан барган. Бул тууралуу «Zakon.kz» басылмасы Жамбыл облусунун Товар жана кызматтардын сапаты, коопсуздугу департаментинин башчысы Берик Жаркымбековго шилтеме берүү менен жазды.

Бул маалыматты жетекчи онлайн брифинг учурунда айтты. «Коронавирус боюнча 1 учур Шу районунда, калган 2 учур Кордай районунда катталды. Булардын баары Кыргызстандан келди», — деди ал.

Бейтаптар 29, 46 жана 24 жашта. Алар менен байланышта болгондордун арасында вирус жуктурган адамдар жок.

Казакстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 124 адамга жетти. Каза болгон 1 жагдай катталса, 2 адам коронавирустан айыккан.

Өзбекстанда коронавирус жуктурган аял көз жумду

 

Copyright © 2017 Maral FM