Биз менен байланышыңыз

Жогорку сот Жонсондун аракетин мыйзамсыз деп тапты

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Сен 2019 | 597 | 0

Британиянын Жогорку соту тарыхый, өзгөчө чечим кабыл алды. Сот премьер-министр Борис Жонсонду бийликти өз кызыкчылыгы үчүн аша чаап колдонгон деген чечим чыгарып, жалпы мүчөлөрү Жонсон парламентти узак мөөнөткө таркатууда мыйзам бузган деген бүтүмгө келишти.

Жогорку соттун төрагасы Хейл Жонсон Евробиримдиктен чыгууда парламентти узак мөөнөткө таркатууда эч кандай маанилүү жүйө келтирбегенин айтты. Соттун 11 мүчөсү тең бир добуштан таркатуу мыйзамсыз болгонун жана юридикалык күчү жоктугун жарыялашты.

31-октябрда Британияны Евробиримдиктен чыгаруу мөөнөтү белгиленген болчу. Жонсондун каршылаштары парламентти бул чечимди ишке ашырууда тоскоолдук кылбасын деген максатта таркатканын айтып айыпташкан.

Мындай чечимден соң каршылаштары да, партиялаштары да Жонсондун отставкасын талап кылары анык.

Учурда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясында жүргөн Жонсон журналисттердин «Жогорку соттон утулсаңыз отставкага кетесизби?» деген суроосуна, соттун чечими менен жакшылап таанышып чыгарын жана мыйзам менен сотту толук урматтаарын айткан.

Copyright © 2017 Maral FM