Биз менен байланышыңыз

Елизавета II Brexitке кол койду

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Янв 2020 | 663 | 0

Улуу Британия ханышасы Елизавета II Борис Жонсондун өкмөтү тарабынан даярдалган Британиянын Евробиримдигинен чыгуу мыйзамына кол койду.

Эми бул келишимди Европарламент дагы колдошу керек. Чечим 29-январда кабыл алынары күтүлүүдө.

Келишимге макулдук берилген соң, Британия үчүн өткөөл мезгил башталып, ал 2020-жылы 31-декабрда аяктайт. Ага чейин жаңы соода келишими кабыл алынышы керек.

Кошумчалай кетсек, АКШ президенти Дональд Трамп Брексит ишке ашкан соң, Британия менен АКШ олуттуу ири соода келишимин түзө аларын белгилеген жайы бар.

2016-жылдан бери Улуу Британияда Брексит маселесине байланыштуу өкмөт менен келише албаган 2 премьер-министр кызматтан кетти. Эгерде Брексит ишке ашса, учурдагы өкмөт башчы Борис Жонсондун карьерасында эң ийгиликтүү кадам болуп калмакчы.

Copyright © 2017 Maral FM