Биз менен байланышыңыз

Улуу Британиянын Общиналар палатасы “Брекзит” тууралуу мыйзам долбоорун колдоду

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Янв 2020 | 605 | 0

Улуу Британиянын Евро биримдиктен чыгуусуна мүмкүнчүлүк берген Мыйзам долбоорун 9-январда үчүнчү окууда Общиналар палатасынын 330 депутаты колдоп, 231 парламентарий каршы чыккан. Документ Лорддор палатасына кароого жөнөтүлдү. Бул тууралуу Дойче Велле басылмасы жазып чыкты.

Эми Евро биримдиктен чыгуунун тартиби жана шарттары боюнча мыйзам долбоору Бириккен Королдуктун кароосуна келип түшөт. Эгерде жогорку палатанын мүчөлөрү документке өзгөртүү киргизсе, анда ал кайрадан Общиналар палатасынын талкуусуна келип түшөт. Бирок Лорддор палатасы төмөнкү палатанын чечимин колдоп, “Брекзит” боюнча мыйзам долбоорун 31-январга чейин эле бекитип берүүсү күтүлүүдө.

Жакында болуп өткөн кезексиз шайлоолордо премьер-министр Борис Жонсон башында турган консерваторлор парламенттеги көпчүлүк добуштарга ээ болушуп, натыйжада, “Брекзит” блокадасын жеңип чыгууга үлгүрүштү.

Эскерте кетсек, мурдараак Жонсон жана экс-премьер-министр Тереза Мейдин бир канча ирет Общиналар палатасы аркылуу “Брекзит” боюнча келишимди жүзөгө ашыруу боюнча аракеттери ийгиликсиз аяктаган эле.

 

Copyright © 2017 Maral FM