Биз менен байланышыңыз

Джонсон коронавирустан кийин көзү начар көрүп жатканын айтты

Дүйнө , Кыска кабар | 26 мая 2020 | 639 | 0

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Джонсон коронавирус менен жабыркагандан кийин көзү жакшы көрбөй жатканын маалымдады. Бул тууралуу премьер-министр маалымат жыйынында билдирди.

Джонсон оорулуу болгондон бери биринчи жолу көз айнек колдонуп атканын айтты. Ал муну коронавирус илдети менен байланыштырды.

Британиянын премьер-министри 27-мартта коронавирус жуктуруп алгандыгын жана карантинге алынгандыгын жарыялаган. Ал кезде премьерде оорунун солгун белгилери байкалып, аралыктан иштей берүүсүн уланткан.

Бирок Джонсондун денеси ысып, жөтөлү басылгандан кийин, 5-апрелде дарыгердин сунушу менен  ал ооруканага жаткырылган. Ушундан бир күн өткөндөн кийин Джонсондун абалы начарлап, аны реанимация бөлүмүнө которушкан.

Премьер-министр 12-апрелде ооруканадан бошотулуп, 27-апрелде кызматына кайтып келген. Бул убакыт аралыгында анын милдетин өлкөнүн тышкы иштер министри Доминик Рааб аткарып турган.

Copyright © 2017 Maral FM