Биз менен байланышыңыз

Кышында өрт чыкпашы үчүн эрежелерди сактаңыз (тизме)

Кыска кабар | 14 Ноя 2020 | 507 | 0

Кыш мезгилиндеги өрттүн чыгышынын алдын алуу үчүн өрт коопсуздугунун төмөнкү эрежелерин сактоо зарыл экенин ӨКМ эскертет:

  • бузук мештерди жана морлорду колдонбоңуз;
  • от жагуучу мезгилге чейин адамдардын өлүмүн жана жаракат алуусун болтурбоо үчүн мештерди жана морлорду чаңдан жана көөдөн тазалаңыз;
  • бузук электр орнотмолорун (розеткаларды, вилкаларын, өчүргүчтөрдү) колдонбоңуз;
  • колго жасалган жылытуучу электр приборлорун колдонбоңуз;
  • күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчада сактабаңыз;
  • балдарды кароосуз калтырбаңыз;
  • күйүп турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телеаппаратураларын, газ плиталарын кароосуз таштабаңыз;
  • электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпоңуз.

Copyright © 2017 Maral FM