Кыш мезгилиндеги өрттүн чыгышынын алдын алуу үчүн өрт коопсуздугунун төмөнкү эрежелерин сактоо зарыл экенин ӨКМ эскертет:
- бузук мештерди жана морлорду колдонбоңуз;
- от жагуучу мезгилге чейин адамдардын өлүмүн жана жаракат алуусун болтурбоо үчүн мештерди жана морлорду чаңдан жана көөдөн тазалаңыз;
- бузук электр орнотмолорун (розеткаларды, вилкаларын, өчүргүчтөрдү) колдонбоңуз;
- колго жасалган жылытуучу электр приборлорун колдонбоңуз;
- күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчада сактабаңыз;
- балдарды кароосуз калтырбаңыз;
- күйүп турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телеаппаратураларын, газ плиталарын кароосуз таштабаңыз;
- электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпоңуз.