Биз менен байланышыңыз

Эмне үчүн каздар жик учат?

Блог | 13 Ноя 2020 | 2241 | 0

Эгер сиз каздардын кыштоо үчүн түштүк тарапты көздөй учуп баратканын көргөн болсоңуз, эмне үчүн үч бурчтуу болуп учканына кызыккан болушуңуз керек.

Илимпоздордун жүргүзгөн изилдөөсүндө аныкталгандай, ар бир куш канат каккан кезде артында учуп бараткан куштун көтөрүлүүсүнө шарт түзүп берет. Мына ушундай түзүлүш менен жалгыз учканга караганда үйүр менен учкан каздар кеминде 71% ылдамдыгын жогорулатат.

#Тыянак: Бир багытты көздөп, биргеликте жолго чыккан адамдардан турган топ көздөгөн жерине бат жана оңой жетишет. Анткени алар бири-бирине колдоо көрсөтүшүп, дайыма чогуу болушат.


Башкаруу системасы эң мыкты 6 өлкө


Бир каз үйүрдөн ажырап жалгыз учууну кааласа, катардан чыгары менен ал кыйынчылыкты жана каршылыкты сезет. Анан алдыда учуп бараткан каздардын тартылуу күчүн колдонуу үчүн дароо үйүргө кайтат.

Эгерде биз, адамдар, канаттуулар сыяктуу акылдуу болгонубузда, биз да коомду алдыга жетелегендер менен чогуу болмокпуз жана алардан жардам алуу үчүн биз да аларга жардам бермекпиз.

Каздардын жол башчысы чарчаганда үйүрдүн аягына кайтып, арттагы каз катардын башына турат. Оор жумушту кезектешип жасоо алдаганча жеңил. Канаттуулар сыяктуу адамдар да бири-биринин ордун алмашып турат.


Психолог сааты: үй-бүлө курууда эске алуучу жагдайлар


Үйүрдүн артындагы каздар алдыдагыларга үн салышып, эң алдында бараткан каздардын ылдамдыкты жоготуп албашы үчүн дем беришет.

А биз лидерлерибизди эмне деп сүрөп атабыз?

Баарынан кызыгы, эгер бир каз ооруп же жаракат алып үйүрүнөн чыгып кетсе, ага кошо дагы эки каз жардам берүү жана колдоо көрсөтүү үчүн үйүрдөн чыгып, аны менен чогуу калышат. Алар ооруган каздын жараты айыкканга же өлгөнгө чейин чогуу болушуп, андан соң гана өздөрү жол улашат же башка үйүр менен өздөрүнүн үйүрүнө жетип алышат.

Эгер биз да каздар сыяктуу акыл-эстүү болгонубузда, биз да бири-бирибизге жалаң кыйын учурларда гана эмес, күчтүү кезибизде да колдоо көрсөтмөкпүз…

© Которгон: Аззамбек Жээнбай уулу

Күнүңүз мыкты өтсүн десеңиз…

Copyright © 2017 Maral FM