Биз менен байланышыңыз

Башкаруу системасы эң мыкты 6 өлкө

Блог , Дүйнө | 31 Окт 2020 | 1204 | 0

Өлкөнүн башкаруусу жакшы экенин кантип билсе болот? Үлгүлүү коомду түзүү үчүн мамлекеттик башкаруу кандай саясат жүргүзөт? Бул саясаттын натыйжалуулугун өлкөнүн эл аралык рейтингдердеги позициясы далилдеп турат. Төмөндө эл аралык рейтингге ылайык, дүйнөдөгү башкаруу системасы эң мыкты делген 6 мамлекеттин тизмеси берилди.

Дания

Скандинавия өлкөлөрү ар бир көрсөткүчтүн эң жогорку деңгээлин туруктуу ээлеп келишет. Алардын ичинен Дания биринчи орунда турат. 2017-жылы Даниянын социалдык өнүгүү индекси «Адамдын негизги муктаждыктары» категориясындагы көптөгөн маселелерде жарандардын тамактануу жана ден соолукка болгон муктаждыктарын канааттандырууда дээрлик кемчиликсиз деңгээлге жетишкен.

Даниядагы социалдык система бюрократияга эмес, ишенимге негизделген. Германияда кызматкерлер жана студенттер ооруп жаткандыгын тастыктаган справка алышы керек болсо, Данияда жумуш ордуна телефон чалып: «Ооруп калдым, жумушка бара албайм», — деп айтуусу жетиштүү. Дания — Европанын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу жашоосу кымбатыраак жана салыгы өтө жогору мамлекет. Өлкөдөгү кызматтар салыктар аркылуу субсидияланат.

Даниялыктар достору менен маектешкенди жана шамдын жарыгында тамак жегенди жакшы көрүшөт. Эл аралык студенттер каржылык жардам жана акысыз тил курстарынан өтө алышат.

Жаңы Зеландия

Индекстин рейтингинде Австралия менен Жаңы Зеландия катарлаш жүрүп жатат. Бирок Жаңы Зеландия саясий туруктуулук, негизги укуктардын өнүгүшү, зомбулуктун жана терроризмдин жоктугу боюнча Австралиядан алдыда.

Жаңы Зеландия 1893-жылы дүйнө жүзү боюнча биринчилерден болуп, аялдардын да шайлоого катышуусуна укук берген. Жалгыз бой энелерге, тестиер-өспүрүмдөргө, студенттерге жана кары-картаңдарга арналган көптөгөн социалдык жеңилдиктери жана кызматтары бар.

Канада

АКШ жана Канада да бардык көрсөткүчтөр боюнча жогорку орунда турат. Ошого карабастан, Канадада АКШга караганда саясий туруктуулуктун деңгээли, зордук-зомбулук жана терроризм аз. Канада Скандинавия өлкөлөрүнөн тамактануу жана ден соолук, негизги билим жана жеке укуктар жагынан артта калган. Канадалыктар мындан тышкары калыстыгы менен белгилүү.

Япония

Япония — Дүйнөлүк банк тарабынан өкмөттүн эффективдүүлүгү, мыйзамдын улуктугу жана саясий туруктуулугу боюнча Азияда эң жогорку орунду ээлеген өлкө. Азияда социалдык өнүгүү индекси негизги маалыматтарга жетүү, суу жана санитария, тамактануу жана саламаттыкты сактоо кызматтары боюнча биринчи орунда турат.

Япондор социалдык жана мамлекеттик кызматтарга өзгөчө маани беришет. Бардыгында медициналык камсыздандыруу бар. Төлөмдөр төлөнүүгө тийиш. Бирок каалаган дарыгерге кайрылууга болот жана бул кызматтар бирдей баада. Ошондой эле, дүйнөдөгү эң мыкты онкологдор да — Японияда.

Ботсвана

Ботсвана — Африкадагы эң күчтүү башкаруу тутумуна ээ. Мыйзам эгемендик индекси боюнча, айрыкча паракорчулукка каршы күрөштө жогору турат. Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча 1994-жылы түзүлгөн комиссия паракорчулукка айыпталган чиновниктерди натыйжалуу иликтөөнү жана жоопко тартууну улантууда.

Мындан тышкары, алмаз казуудан түшкөн киреше өлкө боюнча бирдей бөлүштүрүлөт. Ботсвана эли өз көйгөйлөрүн ички чыр-чатактар ​​менен эмес, өз ара талкуулоо жолу менен чечүү керек деп эсептейт. Жеке адамдын эркиндигине, басма сөз эркиндигине жана менчик укуктарына чоң маани берилет. Бул мамлекетте расасы, тили жана жынысы боюнча кодулабаган жана адилетсиздикке каршы күрөшкөн коом бар.

500дөн ашуун калкы бар ар бир айылда мектептер жана ден соолукту чыңдоочу борборлор бар. Ботсвана — ВИЧ / СПИД эпидемиясына каршы күрөшүүдө алгачкы кадамдарды жасаган өлкөлөрдүн бири жана ВИЧ менен ооруган ар бир адамга акысыз дары берилет.

Ботсвана өкмөтү дагы айлана-чөйрөнү коргоо боюнча маанилүү кадамдарды жасады. Туризмден түшкөн кирешенин көпчүлүгү улуттук парктарга жана жапайы жаратылышты коргоого кетет.

Чили

Чили — Латын Америкасындагы коррупцияга каршы күрөшүүдө, ошондой эле ачык-айкындуулукту, негизги маалыматтарды жана саламаттыкты сактоо кызматтарын колдонууда туруктуу өлкөлөрдүн бири.

Бюрократия маселеси жок. Чет элдиктер тарабынан мүлктү сатып алуу процесси бир нече жумада аяктайт. Иммиграцияга кайрылуу процесси бир аз узун болгонуна карабастан, жашоо көйгөйү чечилгенден кийин, бул өлкөдө жашоону улантуу дээрлик кыйын эмес.

Чилиде медициналык камсыздандыруу өтө натыйжалуу жана кымбат эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM