Биз менен байланышыңыз

Күнүңүз мыкты өтсүн десеңиз…

Блог | 15 Окт 2020 | 1041 | 0

Күнүңүз мыкты өтсүн десеңиз, анда төмөнкү сунуштарга көңүл буруңуз:

Эмоцияга алдырбаңыз

Конфликт же кандай учур болбосун, терс эмоцияларга алдырбаңыз. Андай учурда өзүңүздү токтоо кармаганга аракет кылыңыз, сабырдуу болуңуз. Айтылгандарга маани бербегендей мамиле кылып коюңуз. Башкалардын сизди башкаруусуна жол бербеңиз.

Жылмайыңыз

Өзүңүздү ыңгайсыз сезип жатсаңыз да жылмаюу — өзүңүзгө болгон ишенимиңиздин жогору экенин көрсөтөт.

Китеп окуңуз

Күнүнө жок дегенде 15 мүнөт китеп окуңуз. Бул мээни сергитүүгө жана булчуңдун иштешине оң таасир берет. Китеп окуу – стресске болгон терс таасирлерди 60%га төмөндөтөт.

Кайгырбаңыз

Анализдөө аркылуу ар кандай кырдаалдан туура жол тапса болот. Адам кайгыра берсе, жеткиликтүү деңгээлде терең ой жүгүртө албай калат.

Музыка угуңуз

Өзүңүздүн сүйүктүү ырыңызды угуңуз. Бул — маанайдын түшүнө, көңүлдүн чөгүшүнө каршы эң мыкты курал. Сейил бакты аралап ыр уксаңыз, андан да жакшы.

Чай ичиңиз

Жок дегенде бир чыны чай ичиңиз. Чай – жаштыгыңызды сактаганга, онкологиялык оорулардан алыс болууга, бардык нерсени көзөмөлдөөгө жардам берет.

Көңүлүңүз сүйгөн иш менен алектениңиз

Көңүлүңүз сүйгөн иш менен алектениңиз. Жашоого бир гана мүмкүнчүлүк берилгенин унуткан адамдар — бирөө үчүн же башкалардын оюна көз каранды болуп жашайт.

Спорт менен машыгыңыз

Эртең менен жана кечинде өзүңүздүн келбетиңизге маани бериңиз. Күн сайын 15 мүнөт болсо да, спорт менен машыгууну адатка айландырыңыз. Жок дегенде дене тарбия көнүгүүлөрүн жасаңыз.

Даярдаган: Сайпилаева Махбуба

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM