Биз менен байланышыңыз

Өзбекстандын окуучулары сабагын патриоттук ыр угуу менен баштай турган болушту

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Ноя 2020 | 417 | 0

Өзбекстанда мектеп окуучулары менен мугалимдери сабактын алдында өлкөнүн гимнин ырдоого, патриоттук ырларды угууга милдеттендирилди. Бул тууралуу өлкөнүн Элдик билим берүү министрлиги билдиргенин эл аралык басылмалар жазды.

Министрдин орун басары Дильшод Кенжаевдин мектептерге жөнөткөн катында колдонууга сунушталган ыр саптардын, обондуу ырлардын жана видеотасмалардын тизмеси жазылган.

Өзбекстандын улуттук маалымат агенттиги «Жаңы Өзбекстан — жаңы көз караш» өнөктүгүнүн алкагында бул иш-чара «элге реформалардын маанисин жеткирүү» жана «адамдардын көңүлүн көтөрүү» үчүн уюштурулуп жатканын белгиледи.

Буга чейин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Маданият министрлигине тургундардын китеп окуу маданиятын жогорулатуу үчүн маалелерде китепканаларды, маданият үйлөрүн, кинозалдарды, ыр жана искусство ийримдерин уюштуруу тапшырмасын берген.

Copyright © 2017 Maral FM