Биз менен байланышыңыз

Жаш көрүүчүлөр театры күзгү сезонун ачат

Бишкек шаарындагы Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театры бүгүн, 11-ноябрда, саат 18:00дө күзгү театралдык сезонун «Үч арыш жер» спектакли менен ачат. Пандемияга байланыштуу спектаклге 50дөй гана конок чакырылган. Бул тууралуу театрдын директору Темирлан Сманбеков «Марал» радиосуна билдирди.

«11-ноябрь, саат 18:00дө «Үч арыш жер» деген спектакль менен күзгү театралдык сезонду ачып жатабыз. Бул — репрессиянын 90 жылдыгына арналган чыгарма. Учурдагы пандемия абалына байланыштуу бардык эрежелерди сактоо менен ачылышка көп конок чакыра алган жокпуз. Болгону 50дөй гана адам көрө алат. Бүгүн театралдык сезондун ачылышы менен бирге аталган спектаклдин премьерасы да өтөт. Мындан тышкары 2-ноябрь — Маданият кызматкерлеринин күнүнө карата театрдын бир канча кызматкери мамлекет тарабынан сыйланган, ошол сыйлыктарды да спектаклдин соңунда өз ээлерине тапшырабыз. Спектакль жакынкы күндөрү элибизге онлайн көрсөтүлөт. Учурдагы абалдан аман-эсен чыгып алсак, буюрса алдыда башка да керемет спектаклдерибизди бүт кыргыз элине тартуулаганга даярбыз».  

Эскерте кетсек, пандемияга байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында 16-марттан тарта өзгөчө абал, 25-марттан тарта өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Карантиндик режим 11-майда токтогон. Ал эми 14-сентябрда китепкана, музей жана театрлардын пандемия шартын сактаган абалда иштөөсүнө уруксат берилген.

Copyright © 2017 Maral FM