Биз менен байланышыңыз

Баткен театры өлкөдө «Апаз Жайнаков жумалыгын» уюштурат

Кыргыз Республикасынын эл артисти, маркум обончу Апаз Жайнаковдун 60 жылдыгынын урматына жалпы өлкө боюнча «Апаз Жайнаков жумалыгы» уюштурулат. Бул тууралуу Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрынын көркөм жетекчиси Курманбек Ниязбеков «Марал» радиосуна билдирди.

Ниязбековдун айтымында, март айында Баткен театры тарабынан чоң программадагы Апаз Жайнаковду эскерүү кечеси уюштурулмак. Бирок өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу, карантиндин шарттарынан улам аталган иш-чара күз айларына жылдырылган.

Учурда да театрлардын иштөөсүнө, ири иш-чараларга уруксат берилбегендиктен, Баткен облустук театры Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен 16-ноябрдан 22-ноябрга чейинки аптаны «Жайнаков жумалыгы» деп жарыялаган.

Маалым болгондой, иш-чара социалдык тармактарда онлайн форматта өткөрүлөт. Ошондой эле жаш курак чектелбейт, катышууну каалагандар өзүнүн төмөндө көрсөтүлгөн шарттарга жооп берген видеосун #Жайнаковжумалыгы хештеги менен социалдык баракчасына жайгаштырып, Баткен театрынын социалдык желелерин белгилеп коюусу шарт.

  1. Апаз Жайнаковду эскерүү;
  2. Апаз Жайнаковго арналып жазылган акын-жазуучулардын ырларын көркөм окуу;
  3. Апаз Жайнаковдун обондорун музыкалык аспаптарга салып ойноо;
  4. Апаз Жайнаковдун обондорун музыкалык аспаптарда ырдоо;
  5. Апаз Жайнаковдун обондорун эстрада жанрында ырдоо;

Кошумча суроолорго жоопторду (0557) 90-60-89; (0709) 01-60-06 номурлары аркылуу алса болот.

Кыргыз Республикасынын эл артисти, обончу Апаз Жайнаков 1960-жылы 6-мартта Баткен районунун Орто-Боз айылында туулган. Алгач Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы музыкалык студиядан, андан соң Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунан билим алган. Өлкөнүн экинчи гимнине айланган «Кыргыз жери», ошондой эле «Өрүкзарга кетели», «Аман жар», «Бийге чакыруу» сыяктуу бир катар мукам обондору менен жалпы кыргыз элинин алкоосуна арзыган. Апаз Жайнаков 2013-жылдын 9-октябрында Баткен облустук музыкалык драма театрын жетектеп турганда көз жумган. Ысымы өзү жетектеген театрга ыйгарылган.

Copyright © 2017 Maral FM