Биз менен байланышыңыз

Бишкектин жерин пайдаланган 223 ижарачынын карызы 380 млн сомду түзөт

Кыска кабар | 8 Ноя 2020 | 369 | 0

6-ноябрга карата Бишкек шаарында муниципалдык жерди пайдаланган 223 ижарачынын карызы 380,1 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын жер жана транспорт саясаты боюнча вице-мэри Азиз Алымкулов билдирди.

Анын айтымында, муниципалдык жерди пайдалангандыгы үчүн дебитордук карызды чогултуу улантылууда жана аларды шаардын балансына кайтарып берүү боюнча иштер алып барылууда.

Комиссияда каралган келишими бар 223 ижарачы 2002-жылдан 2019-жылга чейин ижара акысын төлөбөй жүргөн.

Карыздар 3 топко бөлүнгөн:

1. Бюджетке карызы бар, өздөштүрүлө элек жер участоктору бар, карызы 156 миллион сомдон ашык 43 ижарачы.

Алардын ичинен;

  • Жер участокторунун 6 ижарачысы 2005-жылдан бери 15 жыл бою ижара акысын төлөбөй келишкен;
  • 2010-жылдан бери 18 жер участогунун ижарачылары муниципалдык жер участогун пайдалангандыгы үчүн ижара акысын төлөбөй келишкен;
  • Жер участокторунун 19 ижарачысы 2016-жылдан бери ижара акысын төлөгөн эмес;

2. 35 ижарачынын жерди пайдалануу мөөнөтү аяктаган, бюджетке 79 миллион сомдон ашык карызы бар.

Алардын ичинен:

  •  Жер участокторунун 19 ижарачысы 2002-жылдан бери ижара акысын төлөбөй келишкен;
  • Жер участокторунун 15 ижарачысы 2009-жылдан бери ижара акысын төлөгөн эмес;
  • 1 ижарачы 2018-жылдан бери жер участогунун ижара акысын төлөбөй жүргөн;

3. Аренда төлөмдөрүн төлөбөгөндөрдүн калган бөлүгү, бюджетке 144,6 миллион сомго жакын карызы бар 145 ижарачы 2002-2004-2009-жылдардан бери ижара төлөмдөрүн төлөбөй келишкен.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын январь айынан ушул күнгө чейинки мезгилде пайда болгон карыздар боюнча Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жер участокторун ижарага берүү келишимдерин токтотуу жана пайдалануу укугун токтотуу боюнча чаралар көрүлгөн эмес.

Copyright © 2017 Maral FM