Биз менен байланышыңыз

9 айда чек арага байланыштуу 10 окуя болду

Кыска кабар | 7 Ноя 2020 | 572 | 0

Өткөн 9 ай ичинде Кыргызстандын чек ара аймактарында 10 жолу ар кандай окуя чыккан. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын 7си кыргыз-тажик чек арасында, үчөөсү Өзбекстан менен чектешкен жерлерде болгон.

9 айдын ичинде чек ара өткөрүү жайлары аркылуу 6 221 700 адам, 592464 унаа өткөн.

-Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү учурунда 104 адам кармалган. Алардын 45и бузуп өтүү үчүн аракет кылган. Ал эми 1264 жарандын  документи туура эмес экени аныкталган. 316 адам депортацияланган,-деп айтылат Чек ара кызматынын маалыматында.

Copyright © 2017 Maral FM