Өткөн 9 ай ичинде Кыргызстандын чек ара аймактарында 10 жолу ар кандай окуя чыккан. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, алардын 7си кыргыз-тажик чек арасында, үчөөсү Өзбекстан менен чектешкен жерлерде болгон.
9 айдын ичинде чек ара өткөрүү жайлары аркылуу 6 221 700 адам, 592464 унаа өткөн.
-Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү учурунда 104 адам кармалган. Алардын 45и бузуп өтүү үчүн аракет кылган. Ал эми 1264 жарандын документи туура эмес экени аныкталган. 316 адам депортацияланган,-деп айтылат Чек ара кызматынын маалыматында.