Биз менен байланышыңыз

Максат Мамытканов «Бишкек штамповкалоо заводунун» иши менен таанышты

Кыска кабар | 4 Ноя 2020 | 839 | 0

Вице-премьер-министр Максат Мамытканов Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине караштуу «Бишкек штамповкалоо заводу» мамлекеттик ишканасынын иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты. Мамытканов СССР кулаган соң, көптөгөн ишканалар ар кандай себептер боюнча өз өндүрүшүн токтотконун,  заводду калыбына келтирүү боюнча чаралар кабыл алынганын айтты.

«Мыкты жана ырааттуу менеджердик иш алып барууда жана жабдууларды модернизациялоодо завод андан ийгиликтүү өндүрүштүк ишканалар менен атаандаштык түзө алат», — деди Максат Мамытканов.

Белгилесек, «БШЗ» МИ коргонуу-өндүрүштүк комплексинин курамына кирген стратегиялык объект болуп саналат жана согуштук, ошондой эле мергенчилик спорт маанисиндеги буюмдарды даярдоо менен алектенет. 2001-2017-жылдары завод «Бишкек машина куруу заводу» ААК ишенимдүү башкармалыгында болуп, анын натыйжалуулугу төмөн саналып, чарбалык ишмердүүлүгү чыгашалуу болгон. Буга байланыштуу КР Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине караштуу «Бишкек штамповкалоо заводу» мамлекеттик ишканасын түзүү тууралуу чечим кабыл алынган.
Мындан тышкары «БШЗ» МИ өнүктүрүү алкагында 2022-жылга чейин Стратегия иштелип чыкан, ага ылайык, чарба ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган уюштуруу жана техникалык иш-чаралардын жыйындысы өткөрүлүүдө, тактап айтканда, негизги өндүрүштүк имараттын, анын административдик-тиричилик корпусунун жана бир катар башка обьектилердин капиталдык ремонту өткөрүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM