Биз менен байланышыңыз

Сөз эркиндиги: Болот Темировду сабагандар табыла элек

Коом | 13 Янв 2020 | 929 | 0

9-январда Factcheck.kg сайтынын башкы редактору Болот Темиров белгисиз адамдардын ур-токмогуна кабылган. Бул факты тоноо беренеси боюнча каттоого алынганын кийин Ички иштер министрлиги билдирип, бирок кылмышка шектүүлөр бүгүнкү күнгө чейин табылбай жатканын кабарлашты. Мындан улам, коомчулукта түрдүү пикирлер жаралып, сөз эркиндиги кысымга алынып жатканы айтылууда. Бүгүнкү күндө журналисттердин коопсуздугу жетишерлик деңгээлде каралып жатабы? Мамлекет тарабынан журналисттерди коргоо боюнча кандай кепилдиктер бар деген суроолор жаралбай койбойт.

2020-жылдын 9-январында Factcheck.kg сайтынын башкы редактору Болот Темиров белгисиз адамдар тарабынан сабалганын аталган сайт өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жарыялаган эле. Маалыматка ылайык, чымыр денелүү белгисиз 3 киши түштө аталган сайттын кеңсесинин жанынан журналистке кол салышып, телефонун алып кетишкен. Атүгүл, андагы жагдайды видео тасмадан да көрүүгө болот. Темировго жасалган кол салууну «тоноо» беренеси менен тергелип жатканын Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын  басма сөз кызматынын кенже тескөөчүсү Сайкал Садыбакасова билдирди:

-Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Журналистке кол салган кылмышка шектүүлөр изделүүдө. Бул боюнча маалыматты кийинчерээк таратабыз.

Чаламандын чак тушунда адамга кол салуу, ал көрүнүш видео тасмага түшүп калган болсо да, 4 күндөн бери журналистке кол салган шектүүлөр табылбай жатканы социалдык тармакта кызуу талкууга жем таштады. Алардын катарында Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев да элге видео кайрылуу жолдоп, Ички иштер министрлигинин бул иште чабалдык көрсөтүп жаткандыгын сынга алды:

-Кыргызстанда жалгыз мактанар байлыгыбыз сөз эркиндиги деп келебиз. ИИМ жана бардык күч органдары Болот Темировду сабаган зөөкүрлөрдү тез арада табуусун талап кылабыз. Керек болсо, аларга буйрук бергендерди да таап, алардын да жазасын беришин баарыбыз талап кылышыбыз керек. Ошондон кийин гана журналисттерге кол салуудан жалтактап кала турган акыбалга жеткиришибиз керек.

Депутат Болот Темировду сабагандарды тез арада табууну талап кылды

Бүгүнкү күндө бир гана коррупцияга каршы аракет көргөн журналисттердин эле эмес, жалпы Кыргызстандын жарандарынын коопсуздугу кооптуу абалда. Бул көйгөйдүн бар экенин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин коррупция менен күрөшүү бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Максат Мамытканов да жашырган жок. Ал бүгүнкү күндө кылмышкерлердин көбөйүп, түндө эле эмес түштө да адамга кол салуусунун бирден бир себеби жаңы системанын кесепети деп сыпаттайт. 2019-жылдын башынан бери жаңы мыйзамдар кабыл алынып, кылмыш кылган адам  бир гана айыппул төлөө менен кутулуп кетүүгө мүмкүнчүлүк пайда болгонун мындайча түшүндүрдү:

-Албетте, учурда бир гана журналисттин эле эмес, жалпы жарандардын коопсуздугу кыйын абалда турат. Мунун себеби жаңы кабыл алынган мыйзамдын кесепети. Маселен, кылмыш кылган адамдарга айыппул салуу менен чек коюу же кызматташуу аркылуу унутта калтыруу системасы кирген. Бул, албетте, укук коргоо органдарына да бир топ кыйынчылык келтирип жатат. Бирөөнү ур-токмокко алып, каалаганын кылып коюп, бир гана айыппул төлөп коюп кутулуп жатса, кантип мындай кылмыштар азайсын? Токтобойт дагы. Тескерисинче, күчөп жатпайбы? Аягында ким күнөөлүү? Күнөөлүү болуп күч органдары эле чыгып калат. Бирок мыйзам деген да бар да. Ага да баш ийүүгө аргасыз болуш керек.

Ал эми медиа эксперт Илим Карыпбеков Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин ишмерүүлүгүнө ичи чыкпай, журналисттердин коопсуздугу каралбай жатканын жашырган жок. Коррупция менен күрөшүп жаткан журналисттерге кол салгандарды катардагы кылмыш катары караганга болбой турганын айтып, мындан ары да журналисттерге кол салуулар боло берсе, сөз эркиндиги алсырап, өлкөдөгү коррупцияга кенен жол ачыларын төмөнкүчө баяндады:

-Кыргызстанда сөз эркиндиги жок деп айтууга болбойт. Бирок, бир учу кыйрап бараткандай сезиле баштады. Маселен, түштө эле журналистке кол салып, ур-токмокко алып, телефонун алып кетүү деген сөздүн өзү эле коркунучтуу да. Бул учурда коррупция менен күрөшүп жаткан журналисттерди мамлекет керек болсо өз камкордугуна алып, коргош керек. Кыргызстанда коррупция боюнча макалалар биринин артынан бири жарыяланды. Матраимовдордун тегерегиндеги маселелер резонанс жаратып жатат. Менин оюмча, Темировго кол салуу болгондон кийин көп журналисттер макала чыгарып, элге жайылтуудан коркуп калды. Мындай учурда укук коргоо органдары, ИИМ четте карап турбай, аларды коргошу керек. Тилекке каршы, ИИМде мындай аракет көрүнбөй жатат. Окуянын катталганына 4 күн болду. Эмдигиче жооп берише элек. Аны коомчулук күтүп жатат. Видеого түшкөн, түштө сабалып жаткан адамдарды табуу ушунчалык оорбу? Билбейм.

Сөз эркиндигин сестенткен миллиондук доолор

Белгилей кетсек, журналисттерге кол салуу чет мамлекеттерде да көп катталып келет. Алардын бири белгилүү журналист, “Белый парус” басылмасынын редактору Геннадий Павлюк 2009-жылы өлтүрүлгөн. Ал эми 2019-жылы журналист Ыдырыс Исаковго кол салуу болгон. Ошондой эле «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчумановго да кол салуу болуп, жабдууларын тартып алуу фактысы катталган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM