Биз менен байланышыңыз

Депутат Болот Темировду сабагандарды тез арада табууну талап кылды

Кыска кабар | 12 Янв 2020 | 747 | 0

Factcheck.kg сайтынын башкы редактору Болот Темировдун 9-январда ур-токмокко кабылышы боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев өзүнүн жеке «Фейсбук» баракчасы аркылуу видео билдирүү жарыялады.

Анда журналистти чак түштө сабап кеткен кылмышкерлерди табууда Ички иштер министрлигинин чабалдыгын сындап, коррупция боюнча жазган журналистке мындай мамиле болбош керектигин айткан.

«Кыргызстанда жалгыз мактанар байлыгыбыз сөз эркиндиги деп келебиз. ИИМ жана бардык күч органдары Болот Темировду сабаган зөөкүрлөрдү тез арада табышын талап кылабыз. Керек болсо аларга буйрук бергендерди да таап, алардын да жазасын беришин баарыбыз талап кылышыбыз керек. Ошондон кийин гана журналисттерге кол салуудан жалтактап кала турган акыбалга жеткиришибиз керек», — деп билдирген эл өкүлү.

Ошондой эле ал Болот Темировго кол салгандардын жазаланышын тыкыр көзөмөлдөп, ИИМди, Өкмөттү жана бардык бийлик бутактарын бул ишти көңүл буруусуз калтырбоого чакырган.

Эске салсак, Factcheck.kg сайтынын башкы редактору Болот Темировду 9-январда чымыр денелүү белгисиз 2 киши аталган сайттын кеңсесинин жанынан сабап, телефонун алып кетишкен. Бул факты тоноо беренеси боюнча каттоого алынганын кийин ИИМ билдирген.

Журналист Болот Темиров боюнча.

Опубликовано Janar Akaev Суббота, 11 января 2020 г.

 

Copyright © 2017 Maral FM