Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Орхан Инандыны ыкчам-изилдөө иши күчөтүлгөн тартипте уланууда

Кыска кабар | 5 Июн 2021 | 885 | 0

“Сапат” билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инандыны ыкчам-издөө иши боюнча сотко чейинки өндүрүш иши Ички иштер министри Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө.

Орхан Инандыны ыкчам издөө иш-чаралары Кыргызстандын бардык аймагында күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп, масштабдуу иштер уланууда.

Жогорудагы факт боюнча ИИМнен, Бишкек ШИИББнен, Октябрь РИИБнен тажырыйбалуу ыкчам кызматкерлери менен тергөөчүлөрүнөн түзүлгөн ыкчам-иликтөө тобу издөө ишине байланыштуу ыкчам түрдө мүмкүн болгон күбөлөрдү аныктап, сурак иштерин жүргүзүүдө.

Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улана Ниязбековдун тапшырмасы боюнча жоголгон жаранды издөө иштери жалпы республика боюнча жүрүп жатат.

Активдүү издөө иштери тоо этектериндеги аймактарда, дарыялардын нугунда жана каналдарда, талааларда жана айыл чарба жерлеринде, таштанды төгүлүүчү жайларда жүргүзүлүүдө.

Курулуш аянтчалары, гараж кооперативдери, унаа токтотуучу жайлар, кароосуз калган имараттар, заводдор жана фабрикалар, токой тилкелери жана парк зоналары текшерүүгө алынууда.

Copyright © 2017 Maral FM