Биз менен байланышыңыз

Токтакунова: Инандынын жоголушу боюнча жаңы жагдайлар белгилүү, бирок далилибиз жок болуп жатат

Коом , Кыска кабар | 17 Июн 2021 | 2936 | 0

«Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын дайынсыз жоголгонуна 18 күн болсо да, ушу кезге дейре анын кайда экени табылбай, ал тууралуу бир да маалымат айтылбай келет. Бул Инандынын жакындарын тынчсыздандырып, коомчулукту түкшүмөл ойлорго түртүүдө.

«Сапат» лицейинин мугалими Медербек Самаев Орхан Инандынын жоголушунун артында чоң саясат барын, мындай иш-аракет баарына белгилүү болгон бир өлкөнүн талабы экенин белгилейт.

«Ушунча күндөн бери бир адамды таппай жаткандары — аябай жаман нерсе, өкүнүчтүү. Мен ойлойм, бул окуянын артында чоң саясат турат. Бир өлкөнүн башка өлкөгө болгон талабы десем жаңылышпайм». 

«Сапат» билим берүү мекемесинин директорунун орун басары Амирбек Султанмуратов тергөө-издөө иштери улантылып жатканы менен Орхан Инандынын табылбай жатканы, ал тургай кайда экени, анын өмүрү, ден соолугу тууралуу бир да маалымат айтылбаганы, баарын коркутуп жатканын айтат.

«Агайыбыз жакын арада аман-эсен табылып калат деген үмүтүбүз бар. Азыр эми бизге келген такталбаган маалыматтардын көпчүлүгү Орхан Инанды Кыргызстандын аймагында экени жана анын абалы жакшы экени жөнүндө болуп жатат». 

Инандыны издөө иштери кандай жүрүп жатканын билүү үчүн Ички иштер министрлигине кайрылдык. Органдын басма сөз катчысы Адинай Шаршеева Кыргызстандын бардык аймагында издөө иштери уланып жатканын, тергөөнүн кызыкчылыгына ылайык, аткарылып жаткан аракеттер азырынча ачык айтылбай турганын маалымдады.

«Тергөөнүн кызыкчылыгына ылайык, Орхан Инандыны издөө иштери азырынча ачык айтылбайт. Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбековдун тапшырмасы боюнча республиканын бардык аймагында дайынсыз жоголгон Орхан Инандынын кайда жүргөнүн аныктоо, издөө иштери жүрүп жатат. Ага ички иштер органдарынын миңден ашык кызматкери тартылган». 

Түркия ММКсы «Инандынын жоголушуна Түркиянын тиешеси жок, буга Кыргызстандын УКМКсынын тиешеси бар» деген билдирүүлөрдү жазып чыгышкан. Буга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин үн катпай, комментарий бербей отурушу «балким чынында ошондой» деген күмөн жаратууда. Мындай пикирин Орхан Инандынын үй-бүлөсүнүн жактоочусу Таалайгүл Токтакунова билдирди. Ал буга байланыштуу Башкы прокуратурага жана тергөө-издөө иштерин аткарып жаткан органдарга «УКМКны издөө иштерин аткарып жаткан топтон алып салгыла» деген кайрылуусун жолдогон. Ошондой эле жактоочу жаңы күмөндүү жагдайлар бар экенин айтып берди.

«Издөө-тергөө иштерине милиция өзү катышсын деген өтүнүч менен кайрылган болчумун, бирок жооп беришкен жок. Орхан Инанды жоголгон күнү, тагыраагы 31-майда акыркы жолу «Адриано» кафесинде Мелис Турганбаев менен жолукканы маалым болгон. Ошондой эки баланын сүрөтүн ошол кафедеги күбөлөрдөн алып чыгарган болчубуз. Андан кийин биз өзүбүз кимдер менен жолукканын, эмне болгонун сурап билүү үчүн «Адриано» кафесине барганыбыз. Көрсө ошол күндүн (31-май) атайын диксте сактала турган видеокамераларынын жазууларын толугу менен УКМКнын өкүлдөрү келип алып кетип калышыптыр. Копиясын да калтырбаптыр.

Ошондой эле Инандынын жакын адамдары да ошол күнү аны менен жолугуптур деген малыматтар болгон үчүн, биз жакшыраак билели деп бардык. Билдик, бирок ал маалыматтарга далилибиз жок болуп жатат. Азыр дагы бир-эки күндүн ичинде далилибиз же күбө табылып калса, аны да коомчулукка чыгарабыз».  

17-июнда бул маселе Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында талкууга алынды. Анда Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев депутаттарга издөө иштери боюнча отчет берди. Анын айтымында, эл аралык издөө жарыяланып, ички издөө иштери тыкыр жүрүүдө. Ошондой эле Интерпол аркылуу салынган сураштырууну жообу келип, коңшу өлкөлөр чек арадан өтпөгөнүн маалымдашкан. Орхан Инандынын уурдалышы – узак убакыттан бери даярдалган иш экенин Абдиев баса белгилеп айтты.

«Бул жерде саясат бар же жок экенин билбейбиз. Бир нече версиялар боюнча иш жүрүп жатат. Бул иш көптөн бери даярдалган. Ал буйрутманын негизинде жакшы даярдалгандыктан бул иш эки жумадан бери ачылбай жатат. Аны ачуу убакытты талап кылат».

Депутат Дастан Бекешев милициянын ишин сындады. Бекешевдин пикиринде, бул жерде саясат бар. Бул иштин чындыгы 5-10 жылдан кийинби, айтор, акыры ачыкка чыгарын, ошондо уят болуп калбашыбыз керектигин айтты.

«Кыргызстанда азыр адам уурдоо тоок уурдагандай болуп жатат. Түркиянын ММКлары «Кыргыз бийлиги өзү бизге жардам берген» деген маалыматтарды жазып чыгарып жатышат. Эртең болбосо да, 5 же 10 жылдан кийин баары бир бул иш ачыкка чыгат. Кимиси болсо да, биздин УКМКбы, Түркиянын УКМКсы кылдыбы, баары бир ачыкка чыгат. Ошондо бир топ иш козголот, ошондо анан уят болобуз».

Орхан Инандыны издөө боюнча сотко чейинки өндүрүш Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө. Бүгүн анын жоголгонуна 18 күн болду. Ал кайсы жерде болгону дагы деле белгисиз бойдон калууда.

Copyright © 2017 Maral FM