Биз менен байланышыңыз

Рейхан Инанды жолдошун сактап калууну суранды (видео)

Кыска кабар | 6 Июн 2021 | 2865 | 0

31-майдан бери дайынсыз болуп жаткан «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү, президенти Орхан Инандынын жубайы Рейхан Инанды видео кайрылуу жасап, президенттен жана жалпы кыргыз элинен жардам сурап, жолдошун Түркияга бербей сактап калууну суранган.

Ал жубайы Кыргызстандын жараны экенин белгилеп, учурда аны Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратында кармап тургандыгы боюнча ага маалыматтар келип жатканын билдирген.

«Бүгүн-эртең, Орхан агайды кыйнап, Кыргызстандын жарандыгынан чыгуу боюнча арызын жаздырып, Кыргызстандан алып чыгып кетишет экен. Ушак дейин десем, дал ушул жол менен Түркия дүйнө жүзүндө «Сапат» системасында иштеген мугалимдерди «террорист» деген жалган -жалаа менен Түркияга алып кетип жатат. Бул жөнүндө маалыматтарды интернет булактарынан оңой эле тапсаңар болот. Өзүңүздөрдүн жаранды Түркияга бербөөнү суранам, сактап калыңыздар.»

Эскерте кетсек, Орхан Инанды 31-майдан 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар уурдап кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM