Биз менен байланышыңыз

Токтакунова: Орхан Инанды боюнча бир да маалымат жок (аудио)

Кыска кабар | 28 Июн 2021 | 896 | 0

«Сапат» билим берүү мекемелеринин негиздөөчүсү, Кыргызстандын жараны Орхан Инандыны издөө иштеринде эч кандай өзгөрүү жок. Бул тууралуу жактоочусу Таалайкүл Токтакунова «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, Орхан Инанды боюнча бир да кабар бериле элек.

«ИИМдин өкүлдөрү: «Иш алып барып жатабыз, азырынча маалымат жок», — деп коёт, болду» , — деди  Токтакунова.

Орхан Инанды 31-майдан 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар тарабынан уурдалган. Ал 28 күндөн бери табыла элек.

Президент Садыр Жапаров да дайынсыз жоголгон жаранды издөө боюнча УКМКга жана ИИМге тапшырма берген.

Ички иштер министрлиги бул факты боюнча «адам уурдоо» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Андан бери эч кандай жаңы жагдай аныктала элек.

Copyright © 2017 Maral FM