Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Орхан Инанды боюнча тергөө жана ыкчам издөө иш-чаралары жүрүүдө

Кыска кабар | 9 Июн 2021 | 464 | 0

31-майдан бери дайынсыз болуп жаткан Орхан Инандыны издөө иштеринин жүрүшүндө милиция кандайдыр бир маалыматтарга ээ болушу мүмкүн делген жарандар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, тактоо иштерин улантууда. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандын жараны Орхан Инандыны издөө жана тактоо боюнча сотко чейинки өндүрүш Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө.

Белгилей кетсек, Орхан Инандыга «Интерпол» аркылуу эл аралык издөө жарыяланганын 8-июнда парламенттин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жыйынында Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдирген.

Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы алгачкы текшерүү органынын жана криминалдык милициянын кызматкерлери дайынсыз жоголгон кыргызстандыктын жүргөн жерин аныктоо боюнча жүргүзгөн ыкчам иштердин натыйжасында башка кылмыштардын жана жоруктардын да бетин ачышты.

Алсак, 1-7-июнга чейин 164 кылмыш менен жоруктардын бети ачылган. Чоң уурулук — 57, алдамчылык — 45, бейбаштык — 7, тоноо — 1, каракчылык — 1, кыз ала качуу — 1, ден соолукка атайылап зыян келтирүү — 1, майда алдамчылык — 38, майда бейбаштык — 3, майда уурулук — 8, соттун өкүмүн, чечимин же башка соттук актыларды аткарбоо — 3, башка бирөөнүн мүлкүнө зыян келтирүү же жок кылуу — 1, үй-бүлөлүк зомбулук — 1.

«Сапаттын» негиздөөчүсү Орхан Инанды 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар тарабынан уурдалган. 31-майда кечки саат алты чамасында ал өзүнүн Lexus GX-470 унаасы менен үйүнөн чыгып кеткен, ал эми 1-июнь күнү таңкы саат төрттөрдө Малдыбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн жанынан унаасы табылган.

Президент Садыр Жапаров дайынсыз жоголгон кыргыз жаранын издөө боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине жана ИИМге тапшырма берген.

Ички иштер министрлиги бул факты боюнча «адам уурдоо» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Copyright © 2017 Maral FM