Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Тергөөнүн кызыкчылыгына ылайык Инандыны издөө иштери азырынча ачык айтылбайт

Кыска кабар | 16 Июн 2021 | 660 | 0

Кыргызстандын бардык аймагында Орхан Инандыны издөө боюнча ыкчам-тергөө уланып жатат. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Орхан Инандынын жүргөн жерин аныктоо боюнча иштер уланууда. Тергөөнүн кызыкчылыгына ылайык, Орхан Инандыны издөө иштери азырынча ачык айтылбайт.

Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбековдун тапшырмасы боюнча республикасынын бардык аймагында дайынсыз жоголгон Орхан Инандынын кайда жүргөнүн аныктоо, издөө иштери жүрүп жатат. Ага ички иштер органдарынын миңден ашык кызматкери тартылган.

Андан сырткары, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында зарыл болгон бардык тергөө амалдары жүрүүдө.

Орхан Инандыны издөө боюнча сотко чейинки өндүрүш иши Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө.

«Сапаттын» негиздөөчүсү Орхан Инанды 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар тарабынан уурдалган. 31-майда кечки саат алты чамасында ал өзүнүн Lexus GX-470 унаасы менен үйүнөн чыгып кеткен, ал эми 1-июнь күнү таңкы саат төрттөрдө Малдыбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн жанынан унаасы табылган.

Президент Садыр Жапаров дайынсыз жоголгон кыргыз жаранын издөө боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жана ИИМге тапшырма берген.

Ички иштер министрлиги бул факты боюнча «адам уурдоо» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Copyright © 2017 Maral FM