Биз менен байланышыңыз

Артыкбаев: Түркиядан 2019-жылы Инандыны экстрадициялоо сунушу түшкөн

Кыска кабар | 7 Июн 2021 | 1170 | 0

«Сапат» билим берүү мекемелеринин  президенти, кыргыз жараны Орхан Инандыны экстрадициялоо боюнча 2019-жылдын март айында Түркиядан сунуш келип түшкөн. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйында билдирди.

Ошол маалда Тышкы иштер министрлиги, ИИМ жана Башкы прокуратура менен сунушту карап, четке каккан. Буга анын кыргыз жарандыгын алгандыгы себеп болгон.

Айбек Артыкбаев Орхан Инанды 2012-жылы кыргыз паспортун алганын, Түркиядагы төңкөрүш аракети 2016-жылы болгонун эске салды.

Эске салсак, 1-июнга караган түнү «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгону белгилүү болгон. Ал үйүнөн 31-майда саат 18:00 чамасында чыгып кеткен. Саат 21:00дө жубайы менен телефон аркылуу байланышкан. Саат 4:20да милицияга Орхан Инанды дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат келип түшкөн.

Copyright © 2017 Maral FM