Биз менен байланышыңыз

Ташиев: Болот Темировду куугунтуктайын деген оюм жок

Кыска кабар | 23 Янв 2022 | 504 | 0

Журналист Болот Темировду таанбайм, ал менен учурашкан дагы эмесмин. Ал коомго таанымал деле журналист эмес. Же коомго белгилүү иликтөөчү эмес. Мындай пикирин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев журналистерге берген маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Болот Темиров чет өлкөлүк гранттарды алып, бийликти алсыратуу, бийликти коомго жаман көрсөтүү гана программасын ишке ашырган жалданма журналист.

«Себеби, бизде Темиров Live  сайтынын кайсы компаниялардан канча сом акча алгандыгы боюнча толук маалыматтар бар. Ошондой эле ал ошол компаниларды кантип алдап жүргөндүгү боюнча да маалымат бар. Жакшы журналсит болсо, коомдо болуп жаткан жакшы жаңылыктардан бирди же экини чыгармак. Жакшы жаңылыкты бир да жолу көрсөтүп айтып койгон жок. Булар жалаң гана терс маселелерди айтат, айткан маселелеринин 90%ы жалган», — деди УКМКнын төрагасы.

Ошондорй эле ал саясаттагы 20 жылдын ичинде бир дагы журналистти сотко берген эместигин белгиледи.

«Менин аны сотко берейин деген, куугунтуктайын деген деле оюм жок. Себеби, менен атайын кызматтын жетекчисимин. Кайсы бир журналистин чыгарган маалыматы үчүн анын артынан түшүү, бизге эч кандай абийир алып келбейт. Бизде андан маанилүү өокөнүн коопсуздугу боюнча маселелер көп. убактыбызды майда -чүйдө же мындай журналистерге жооп берүү, жалган маалыматтарды төгүндөөгө кетирбейбиз», — деди Ташиев.

Copyright © 2017 Maral FM