Биз менен байланышыңыз

«Мектептерге медиасабаттуулук сабагын киргизүү керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Дек 2020 | 633 | 0

Медиасабаттуулукту предмет катары мектеп программасына киргизүү керек. Мындай пикирин Factcheck.kg сайтынын редактору Болот Темиров «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, коомчулуктун маалыматтарды тандап кабыл алууну өздөштүрүүсү — чоң маселе. Анткени көпчүлүк заманбап шарттарга көнүп, үйрөнө элек. Маалыматты туура колдонуунун да өзүнчө инструкциясы бар. Бирок муну көпчүлүктүн билбегени ири көйгөйлөрдүн бири болуп турат.

Учурдун талабына ылайык маалыматты туура колдонууну үйрөнүү керек. Бул багытта айрым мамлекеттерде медиасабаттуулук предмет катары мектеп программасына киргизилген. Ал эми Кыргызстанда ЖМКларды колдоо борбору мугалимдерди медиасабаттулукка үйрөтүп, андан сырткары айрым гана мектептерде сабактарды өткөрүп жатат. Бирок, бул — жетишсиз.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM