Биз менен байланышыңыз

«Соцтармакта миң колдонуучунун 600ү фейк аккаунт менен жазат»

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Дек 2020 | 808 | 1

Социалдык тармакта 1000 колдонуучунун 600ү фейк аккаунт менен жазат. Мындай фейк баракчаларды 3 эле адам ачып, башкарса болот. Бул тууралуу Factcheck.kg сайтынын редактору Болот Темиров «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бардык фейк аккаунттар кимдир бирөөнүн кызыкчылыгына иштебеши мүмкүн. Алардын жазган коментарийлерин мүмкүн болушунча эске албаган оң.

Фейк аккаунтардын жеке маалымат, сүрөттөрү аз болот. Ошондой эле баракчасында жалаң саясий кабарлар бөлүшүлөт.

«Атайын программалар аркылуу адамды издөөгө болот. Көп учурларда фейктер башка улуттун сүрөттөрүн колдонушат. Калктын билим деңгээли маалыматты туура тандоого тасирин тийгизбейт. Маселен, дыйкан деле, профессор деле муздаткыч, унааны туура колдонууну үйрөнө алат», — дейт Темиров.

Ал белгилегендей, жалган маалыматтар таасири азайганда жоголот. Адамдар туура маалыматты тандоону үйрөнүп, калп маалыматтардын таасири жоголсо, фейк сайттар, аккаунттар азаят.

Copyright © 2017 Maral FM