Connect with us

Түрк тилдүү мамлекеттеринин Маалымат министрлеринин IV отуруму өтүүдө

Кыска кабар | 11 Апр 2021 | 1707 | 0

Азербайжандын Баку шаарында Түрк Кеңеши тарабынан уюштурулуп өтүп жаткан Түрк тилдүү мамлекеттеринин Маалымат министрлеринин 3-отурумуна Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев катышууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигин маалымат кызматы билдирди.

Министр отурумда сүйлөгөн сөзүндө Түрк Кеңешинин аз убакыт ичинде жасаган артыкчылыктарын белгилеп, түрк дүйнөсүнүн орток тилин, маданиятын, мурасын жайылтууда маалымат каражаттарынын ролу чоң экендигин айтты.

Маалымат жаатында биргелешкен максаттарды ишке ашыруу жолдорун табууну сунуштады. Түрк тилдүү мамлекеттердин биргелешкен телеканалын ачуу, маалымат агенттиктеринин тажрыйба алмашуусу, телеканалдардын кызматташуусу, контент алмашуусу тууралуу маселелерди талкуулады.

Жыйынтыгында Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Венгрия мамлекеттеринин Маалымат министрлери, маалымат тармагынын жетекчилери 2021-2022-жылга иш-чаралардын планын кабыл алып бекитишти.

Copyright © 2017 Maral FM