Connect with us

Темиров: Интернетти тескеген мыйзам жазылса да, «фейктер» жүзүн ачпайт

Кыска кабар , Пикирлер | 7 Авг 2020 | 903 | 0

«Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамды президенттик аппарат өзү парламентке түшүрүп бергендигин өзүнүн ишенимдүү булактарына таянып, Factcheck.kg сайтынын башкы редактору, жарандык активист Болот Темиров «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, аталган мыйзам Жогорку Кеңеште каралып, кайра президентке барып кол коюлбай калганына эки митинг, башкача айтканда, жарандык коомдун реакциясы таасир этти.

— Аталган мыйзам туура эмес жазылган. Себеби туура эмес маалыматтар менен күрөшүү үчүн чыгарылган мыйзам эмес. Ал башка максаттар менен иштелип чыккандыгын далилдедик. Мен коомдук пикирди угуу үчүн президенттин аппаратында убакыт болду деп ойлойм . Мыйзам каралганча алар коомдун пикирин билип, мыйзамды өзгөрткөнгө убакыт болду, — деди Темиров.

Ошондой эле жалган маалымат дегенди бизде «фейк» деп түшүнүшө тургандыгын айтып, аталган мыйзамдын жалган маалыматтар менен күрөшө албай тургандыгын билдирди.

Темиров белгилегендей, «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамда фейк аккаунттар аты-жөнүн жазыш керек деп жазылган. Мисал үчүн, кылмышкерлерге «силер баарыңар кылмышкермин» деп жазышыңар керек деген эле мааниде. Мыйзам жазылса да, кылмышкерлер эч качан өзүнүн жүзүн ачпайт.

Мындан сырткары ал, эгерде аталган мыйзам өтүп калса, ошол эле мыйзам менен сайттарды жана маалыматтык агенттиктерди жапканга соттун чечими жок эле мүмкүнчүлүк түзүлөрүн айтты.

Темиров ошондой эле «фейк» деген «фейк аккаунт» деген маанини билдире тургандыгын, бир адамдын экинчи жасалма аккаунту болсо, ал «фейк аккаунт» дегенди билдире тургандыгын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM