Биз менен байланышыңыз

Маалымат туура экенин кантип текшеребиз?

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Дек 2020 | 685 | 0

Бүгүнкү күндө маалыматты расмий жана бир нече булактардан текшерүү керек. Мындай пикирин Factcheck.kg сайтынын редактору Болот Темиров «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, маалыматты текшерүүдө көп убакыттан бери иштеп келе жаткан ЖМКларга кайрылууга да болот.

Коомчулук журналисттик этикага, кабар жазуунун эрежелерине шайкеш келген маалыматтык сайттарды фейк сайттардан айырмалоону үйрөнүшү керек.

«Kyrgyzstan domain registration service баракчасына мааалыматтык сайттын (домэйн) дарегин жазып, сайт тууралуу билүүгө болот. Коомчулукка ушундай нерселерди үйрөтүү керек. Мындан сырткары, сайтта кандай кабарлар басымдуулук кыларын карап, ким үчүн иштеп жатканын түшүнүүгө болот. Буга кошумча, бардык маалыматка ишене бербестен, башка булактардан тактаганга чейин сынчыл көз карашта болуп турган оң», — деди Темиров.

Ал сынчыл ой жүгүртүүнү калтыптандыруу туура маалыматтарды тандоого пайдасын берерин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM