Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Бир адамдын бир канча бюллетенди урнага салганы боюнча иликтөө башталды

Кыска кабар | 11 Апр 2021 | 1656 | 0

Бүгүн, 11-апрелде саат 13.00 чамасында референдум жана жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо №8077 шайлоо тилкесинен 1 эле шайлоочу бир канча бюллетенди электрондук кутучага салып жаткан видео «Клооп» сайтынын Фейсбук баракчасына жарыялаган. Факты Баткен райондук ички иштер бөлүмүнө маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери жүрүп жатканын Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө видео Баткен районунун Бужум айылындагы №8077 шайлоо тилкесинде тартылганы, электрондук кутуча шайлоо бюллетенин кабыл албай койгондо, экинчи шайлоочу кабыл алынбаган бюллетенди өзүнүн бюллетенине кошуп урнага салганы белгилүү болду.

Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM