Биз менен байланышыңыз

Сөз эркиндигин сестенткен миллиондук доолор

Саясат | 13 Дек 2019 | 1009 | 0

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов бакандай үч жалпыга маалымдоо каражатын сотко берип, миллиондогон акча талап кылып, доого жыкты. Матраимов «алар беделиме шек келтирди» деп доомат коюп жатат. Сот болсо мыйзамга таянып, арыздануучу доолаган 60 млн сомду медиалардын эсебин тоңдуруп коюу чечимин чыгарган. Учурда бул маселе коом ичинде чоң нааразылыктарды жаратып, анын бул жоругу сөз эркиндигине  болгон кысым катары бааланууда.

Матраимовдор «Азаттык» радиосуна 22 миллион сом, «Kloop медиасына» 12,5 миллион сом, 24.kg. маалымат сайтына 15 миллион сом жана журналист Али Токтакуновго – 10 миллион сомдук доо коюп, сотко берди.  Свердлов райондук соту айыпталуучулардын банктык эсептерин камакка алуу жөнүндө өкүм чыгарганы белгилүү болду. Бул маселени депутат Жанар Акаев кечээ, 12-декабрда ЖКда көтөрүп, мындай кадамдын туура эмес экендигин айтты:

-Матраимовдордун сотко бергенге өзүнүн укугу бар, өзүнүн чындыгын коргосун. Бирок, ат тезеги кургай электе Свердлов райондук соту үч медианын банктык эсебин тоңдуруп жаткандыгына жол болсун. Бул кубаттай турган жакшы жорук эмес.

Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн доо арызы боюнча «Эркин Европа/Азаттык» үналгысынын президенти Жейми Флайдын билдирүүсүн «Азаттыктын» кыргыз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык,  ал өз сөзүндө«Азаттыктын» банк эсебинин камакка алынганы президент Сооронбай Жээнбековдун сөз эркиндиги боюнча убадасына дал келбегендигин белгилеген:

-Матраимовдун арызын же биздин эсепти камакка алуу тууралуу соттун чечимин түшүндүргөн расмий документтерди көрө элекпиз. Бул — «Азаттыктын» ишмердигине жана өз алдынчалыгына карата чектен чыккан чабуул жана «Азаттыктын» кабарчылары менен кызматкерлерин коркутуу. Бул — ошондой эле август айында мени менен жолуккан учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун көз карандысыз журналистиканы жана Кыргызстандагы коррупцияга каршы күрөштү коргоору тууралуу бекем убадасына каршы келет. Мен биздин эсепти тезинен камактан чыгарууну көптөн-көп өтүнөм, — деп Жейми Флай кыргыз бийлигине карата нааразычылыгын жашырбады.

Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева медиалардын банктык эсептеринин камакка алынышы боюнча мамлекет башчынын пикирин жарыялады. Анда Сооронбай Жээнбековдун сөз эркиндигин коргоо принциптерин карманып, күчтүү жарандык коомдун болушун колдоору айтылган.

-Бул факт ар дайым сөз эркиндигинин принциптерин карманып келген Кыргыз Республикасынын Президентинин гана эмес, биздин демократиялык өлкөнүн аброюна шек келтирээрин так кесе билдиребиз.

Бул маселе боюнча УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн мурунку жетекчиси, көз карандысыз эксперт Максат Мамыткановго суроо узаттык. Ал өз сөзүндө маалымат кызматтарынын эсептеринин камакка алынуусун сөз эркиндигине карата каршы аракет катары баалап, кайсы учурда банктык эсеп камакка алынарын түшүндүрүп берди:

-Банк эсептери Кылмыш иштери боюнча “кылмыш иши боюнча ошол счёттон акчалар уурдалып кетиши мүмкүн же бир башка өлкөгө чыгарылып, изи сууп кетет” деген коркунуч болгондо гана жасалат. Бул жакта болсо, жарандык иш болуп жатат. Кылмыш иши жок, жөн эле доо-арыз келип түштү, анын эртеси мындай кылуу — түздөн-түз сөз эркиндигин басмырлоо болуп эсептелет. Бул — сөз эркиндигин буу, муунтуу. Эмне үчүн банктык эсептер тоңдурулуп жатат деген суроолор туулушу мүмкүн? Бул, албетте, журналисттер айлыгын алалбай, таптакыр тынчысын” деген сөз.

Ал арада Матраимовдордун юристи Татьяна Карыжинская журналисттерге карата доо арыз боюнча маалымат жыйын өткөрдү. Ал өз сөзүндө Матраимовдорго тиешелүү болгон маселени мыйзам талаасында чечүү үчүн, ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо жана тараган маалыматтын чындыкка дал келбегендигин таануу боюнча арыз жазылганын белгиледи. Мындан сырткары, көпчүлүк талкуулап жаткан доонун суммасы боюнча пикирин айтты:

-Матраимовдорду коррупциянын символу кылып койгон учурда моралдык зыянды мындан башкача кантип баалоо керек? Жарыяланган маалыматтарда Матраимовдор бүт өлкөнү тоногондой болуп көрсөтүлгөн. 24kg сайты болсо ачык эле “Раимбек Матраимов коррупциялык схемаларга катыштыгы бар” деп жазып жатат. Биз “журналистер маалыматты чагылдырбасын” деген жерибиз жок. Бирок ар-бир маалымат тиешелүү деңгээлдеги далилдери менен айтылышы керек. Биринчи иликтөөдөн соң, Али Токтакунов документтердин түп нускасын көрсөтөрүн айткан. Бул 30-майда болгон окуя эле. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин бир дагы документти көрсөтө алган жок. Укук коргоо органдарына да берилген эмес. Мындан сырткары, Али Токтакунов суракка келбей, тергөөгө маалымат берүүдөн баш тартып келет.

Бирок маалымат жыйынга катышкан “Азаттыктын” кабарчысы Касым Рахманкулов жактоочунун туура эмес маалымат айтканына токтолуп, Али Токтакунов документтердин жарымын тиешелүү органдарга бергенин айтып, журналисттер тергөө менен мыйзам чегинде кызматташып жатканын белгиледи.

Ал эми Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева Матраимовдордун арызын карап, чечим кабыл алган сотторду жоопкерчиликке тартуу керек экендигин айтып өттү:

-Матраимовдун арызын карап, ушундай чечим кабыл алган сотту жоопкерчиликке тартыш керек. Себеби ишти алган соң, сот тараптардын баарын чакырат. Бул маселени ар тарапка коёр алдында мыйзам боюнча ортомчулук мөөнөтү берилиши керек. Андан соң өзүнчө экинчи отуруму болушу керек эле. Ошол эле учурда биринчи кагаздарды жөнөтүш үчүн мөөнөт керек. Банктардагы эсептерди алыш, такташ үчүн, же өздөрү берген эсепти тоңдуруу үчүн керек. Бүгүнкү күндөгү чечим мыйзамды аттап, саясий кызыкчылыктын негизинде кабыл алынганы көрүнүп турат.

Ошондой эле, Үметалиева үч жалпыга маалымдоо каражатынын эсебин камакка коюу тууралуу чечимди, жокко чыгарууга арыз берилгени жөнүндө кеп болуп жатканын айтып, сот бул арызды канааттандырса да, бир мыйзам бузуу болорун кошумчалады.

21-ноябрда «Азаттык» жана «Клооп» медиаресурстарынын журналисттик иликтөөсү жарыяланып, анда бажыдагы коррупция фактылары, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун ишкер Хабибула Абдукадыр менен байланыштары тууралуу айтылган.

25-ноябрда Бишкек шаарында коомчулук бийликтен иликтөөдө айтылган фактылардын негизинде тийиштүү адамдарга чара көрүүнү талап кылып, тынчтык митингин өткөргөн. Алар Райымбек Матраимовдун камалышын талап кылышкан.

Copyright © 2017 Maral FM