Инвестицияларды илгерилетүү агенттиги өткөн жылдын жыйынтыктары жана 2020-жылы жүзөгө ашырыла турган иштер тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, былтыр жалпы суммасы 63.93 млн долларлык 7 долбоор ишке ашырылган. Натыйжада, 987 жумушчу орун түзүлгөн. Инвестицияны тартуу, аймактарды өнүктүрүү багытында инвестициялык карта түзүлүп, бүгүнкү күндө 100дөн ашуун такталган долбоор жүктөлдү. Агенттик быйыл да 5 долбоордун ачылышын пландоодо. Үстүбүздөгү жылы кайсы ишканалар жумушун баштайт? Өлкөгө инвестиция тартууда кандай тоскоолдуктар бар? Агенттикке берилген ыйгарым укуктар тийиштүү дэңгээлде иш алып барууга жетиштүүбү?
Инвестицияларды илгерилетүү агенттиги учурда 7 инвестициялык долбоорду ишке ашырып жатат. Жыл соңуна чейин анын ичинен 5 долбоордун ачылышы пландалууда. 2020-жыл саясий окуяларга бай болгонуна карабастан, мекеме инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда активдүүлүгүн улантат. Үстүбүздөгү жылы Орусия, Кытай, Түркия, Бириккен араб эмираттарынан инвестиция күтүлүүдө. Бул тууралуу аталган агенттиктин директору Шумкарбек Адилбек уулу билдирди:
-Кол каптарды чыгаруучу чакан завод ишке кирип, текстиль тармагына керектүү жиптерди өндүрө баштайт. Инвестициялардын көлөмү 2 млн долларды түзөт. Токмокто токтоп турган ишканалардын бир бөлүгүн алып, заводду кеңейтүү иштерин жүрүүдө. Арматура, темир продукцияларын чыгаруу багытында «Металл Кен» аттуу заводдун курулушу активдүү жүрүп жатат. Бул жерге 50 млн доллар инвестиция салуу мерчемделген. Учурда 20 млн доллардан ашуун инвестиция өздөштүрүлдү. NOVA мейманканасы да курулуп бүтүп, ачылуу алдында турат. Мындан сырткары, ата мекендик ишкерлер тарабынан ишке ашырылып жаткан машина куруу боюнча завод толук салынып бүтүп, тийиштүү жабдыктар орнотулууда. Жаз айларында ачылышын пландап жатабыз. Ушул эле заводдун жанында текстилдик фабрикаларды салуу долбоору каралган. Бул жерде инвестициялардын көлөмү 70 млн долларды түзөт. Күзүндө ишкананын биринчи фабрикасын ачууну пландаштырып жатабыз.
Кыргызстанга инвестицияга тартууга тоскоол болгон негизги факторлор — коррупция, саясий туруксуздук, бюрократия, менчикти коргоо, салык, инфраструктуралык маселелер. Бул тууралуу Агенттиктин Инвестициялык потенциалды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Илим Абдиев маалымдады:
— Инвестор инфраструкутуралык шарттарды карайт. Алсак, жол, энергия менен камсыздоо, терминалдар… Мындан сырткары, пара алуу, юридикалык көз карандысыздык жана уюшкан кылмыштуулук маселелери бар. Биз бул көйгөйлөрдү жоюунун үстүндө иштейбиз. Өкмөт да чараларды көрүүдө. Бир чети бул нерселер коомдон да чыгат. Биз добуш берип жатканда өкмөттү, депутаттарды, президентти шайлайбыз. Демек, өзүбүздөн да кетип жатат.
Жогоруда аталган көйгөйлөрдү жоюу максатында тийиштүү орган, уюмдар менен биргеликте иш алынып барылууда. Ошондой эле өлкөдө инвестициялык климатты жакшыртуу багытында инвестициялык карта иштелип чыгып, ага шаар бийликтери, айыл өкмөттөр бизнес-долбоорлорду жайгаштырууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Учурда картада кароодон өткөн 110дон ашуун бизнес-долбоор бар. Мындан сырткары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан 10 өкүл атайын окутуудан өттү. Анда бизнес-план даярдоо, инвест-карта менен иштөө, аймактын экспорттук потенциалын илгерилетүү маселелери үйрөтүлдү.
Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин бөлүм башчысы Жалын Жээналиев калк арасында түшүнбөстүктөр өзгөчө тоо-кен байлыктарын иштетүү тармагында көп жаралып жатканын белгилейт. Анын айтымында, көйгөйлөрдү жөнгө салуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүүлүдө:
— Калк менен болуп жаткан көйгөйлөргө байланыштуу биз Өнөр жай комитети менен биргеликте бир концепция даярдап жатабыз. Анын алкагында тоо-кен байлыктарын казууда инвесторлорго талаптар коюлат. Аларды ишке ашырып, элдин долбоор боюнча оюн эске алып, ишке ашырышы керек.
Агенттиктин жетекчиси Шумкарбек Адилбек уулу тийиштүү инвестиция тартып келип, аны ишке ашырууда агенттикке берилген укуктар жетишсиз экенин кошумчалады.
— Бизге ыйгарылган укуктар жетишсиз. Себеби мыйзам чыгаруу укугубуз Экономика министрилигине жобого ылайык, биз маалымат, сунуш гана бере алабыз. Башка органдарга тапшырма берүү укугуна ээ эмеспиз. Сүйлөшүү, сунуш берүү жолу менен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга дараметибиз жетип жатат. Эгерде бизге кошумча укук берилсе, комплекстүү түрдө каралып, так жана белгилүү болушу керек. Биз укуктун негизинде инвесторлорго толук кандуу жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алышыбыз зарыл.
Айта кетсек, Инвестицияларды илгерилетүү агенттиги 2019-жылы жалпы көлөмү 22 млн 400 миң долларга 8 экспорттук долбоорду ишке ашырган. Ал эми региондорду өнүктүрүү багытында жалпы суммасы 500 млн сомду түзгөн 151 бизнес долбоор каржыланып, 1196 жумушчу орун түзүлгөн. Мындан сырткары, мекеме тарабынан 20 бизнес-форум, 5 роуд-шоу жана 10 экспортту өнүктүрүү багытындагы иш-чара уюштурулган.