Биз менен байланышыңыз

Вице-премьер-министр Мамытканов №2 түзөтүү мекемесине барды

Кыска кабар | 24 Окт 2020 | 728 | 0

Вице-премьер-министр Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Степное айылындагы аялдардын № 2 түзөтүү мекемесине барды. Ошондой эле Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Мониторинг жана анализ борборунун иши менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Вице-премьер-министр түзөтүү мекемесиндеги аялдардын жашоо шарты жана андагы өндүрүш тилкесин көрдү. Муну менен катар соттук-укуктук реформанын алкагында мекеменин планына ылайык салынып жаткан объектинин курулушу жана реконструкциялоо иштери менен таанышты.

Андан соң вице-премьер-министр Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Мониторинг жана анализ борборунун иши менен таанышты.

Вице-премьер-министр соттук-укуктук реформанын алкагында жасалган иштерге оң баасын берди. Мамлекеттик мекемелердин, анын ичинде Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы техникалык жабдууларды заман талабына жооп бериш керектигин белгиледи.

Соңунда ал Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчилигине жана өздүк курамына артыкчылыктуу тапшырмаларды берди. Ошондой эле мекеменин кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Тартип Уставынын бардык нормаларын сактоого чакырды. Ал жүктөлгөн милдеттерди чечүүдө жардам көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM