Биз менен байланышыңыз

Казакстан-Кыргызстан: Түзүлгөн келишим майдын баасын арзандатабы?

Экономика | 26 Июн 2019 | 1376 | 0

Өткөн жумада Нур-Султанда болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен Казакстандан күйүүчү майды импорттоо боюнча протоколго кол коюлду. Бул туурасында  Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Жыргалбек Сагынбаев билдирди. Анын айтымында, эки тараптуу жолугуушуулардан кийин пикир келишпестиктер жоюлду. Июль айынын ортосуна чейин келишимге кол коюу күтүлүп жатат.

Протоколго кол коюлду. Келишпестиктер чечилди. Ар бир өлкө өзүнүн ведомстволор аралык сүйлөшүүлөрүн жүргүзгөндөн кийин өкмөт кайра кол коюу боюнча токтом чыгарат. Ошонун негизинде келишимдерге кол коюлат. Азыр биз өзүбүздүн арызыбызды жибердик. Анда канча көлөмдө ала турганыбызды гана билдире алабыз. Ал эми баасын бизнес өзү чечет.

«Казакстандан күйүүчү майды импорттоо боюнча сүйлөшүүлөр 1 жылдан бери жүргүзүлүп келет. Бирок маселе чечиле элек», — дейт Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов. Анткен менен кол коюлуп калса, күйүүчү майдын баасы салыштырмалуу арзаныраак болорун божомолдойт.

— Маселе чечиле элек. Келишимге кол коюлду дегенде так айта алабыз. Ага чейин бир нерсе деш кыйын. Башында октябрда кол коюлат деген, андан кийин декабрь, февраль дешти. Ошентип бир жыл өттү. Бирок ошентсе да, баасы арзаныраак болсо керек. Анткени, Орусияга салыштырмалуу жол акы арзаныраак.

Келишимге кол коюлса, буга чейин болуп келген аткезчилик жоюлат деп үмүт кылгандар бар. Академик Жамин Акималиев Казакстандан аткезчилик жол менен алып келип, 6-7 сомго арзан сатып жаткандар бар экенин айтып, муну мамлекеттик деңгээлде эртерээк чечүү керектигин белгилейт. Анын үстүнө альтернативдүү түрдө бир гана Орусиядан эмес, Казакстандан да күйүүчү май келе баштаса, баалар төмөндөмөк деген ойдо.

— Казакстандан арзан бензин алып келсек, жалпы күйүүчү майдын баасы төмөндөмөк. Мамлекеттик деңгээлде чечпесек, ансыз деле аткезчилик менен алып келип сатып жатышат.  1 млн тоннага чейин келишим түзсө деле болот эле. Орусиядан ошондой өлчөмдө алып жүрбөйбүзбү. Мунун бир жакшы жери атаандаштык болмок. Ошондо баага да таасир этмек. Ал эми Орусия бизге таарынып калбайбы десек, болушу мүмкүн. Бирок аларга түшүндүрсө болот. Анткени, биз алар менен келишим түзүп жатканда, башкалардан албайбыз дегенбиз да. Бирок кырдаалды түшүндүрсөк болот.

Буга чейин күйүүчү майдын аткезчилик менен кирип жатканынын кесепетинен бюджетке зыян келип жатканын «Чоң Казат» партиясынын  лидери Максат Мамытканов да айтып чыккан. Ал келишим ишке ашса, аткезчилик жоюлат дегенден азырынча алыс экенин айтат. Анткени, аткезчилик менен кирип келе жаткан майдын булагы кайда жана кимдер экени аныкталмайынча, бензиндин баасы төмөндөмөйүнчө, аткезчиликти жоюу суроо бойдон кала берет.

— Мыйзамдуу түрдө келе турган бензин арзан болбойт. Аткезчилик эмне үчүн болуп жатат? Салыктан качып, жашыруун түрдө болуп жатат да. Ошондуктан, Казакстандан келе турган бензин арзан болмоюнча, ал жолдор токтобойт. Эми келишим ишке ашса көрөбүз да.

Маалыматка ылайык, буга чейин Казакстан тарабынан коюлган эки пункт боюнча келишпестиктер болуп келген. Алар:  «Биз берген чийки заттарды кайра иштетип экспорттобойсуңар, кокус чийки зат же мунай өндүргөн завод бузулуп кала турган болсо, же өкмөттүн токтому чыгып калса, чектөө киргизебиз» деген пунктту кийирген. Кыргыз тарап буга макул болбой келген.

Copyright © 2017 Maral FM