Биз менен байланышыңыз

Мамытканов: Өлкө тарыхындагы эң таза шайлоо өтөт

Кыска кабар | 7 Янв 2021 | 580 | 0

Өкмөт президенттик шайлоо жана референдумду жогорду деңгээлде өткөрүүгө даяр. Бул тууралуу Вице-премьер-министр Максат Мамытканов республикалык штабдын кеңешмесинде айтты.

«Учурда бардык шайлоо участокторунун даярдыгы текшерилүүдө, алар иш алып барууга даяр. Өкмөт шайлоону жогорку уюшкандыкта өткөрүү үчүн бардык күч-аракетти багыттагандыгын ишенимдүү түрдө айта алам».

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлүнүн айтымында, шайлоону жана референдумду өткөрүү маалында жарандардын санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун сактоо боюнча алгоритм иштелип чыккан.

Вице-премьер-министр белгилегендей, Өкмөттө 9-10-январь күндөрү «түз байланыш» иштейт. Ал аркылуу электр тогунун, интернеттин абалы, шайлоо комиссияларындагы эрежелердин сакталбай жаткандыгы, бекитилген санитардык жана баша талаптардын сакталбай жаткандыгы тууралуу маалымдоого болот.

«Жарандардын шайлоо укугун ишке ашыруусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Бул биздин өлкөнүн тарыхындагы эң таза жана ачык-айкын шайлоо болот», — деп кошумчалады Максат Мамытканов.

Эскерте кетсек, президенттик шайлоо жана референдум 10-январда өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM