Биз менен байланышыңыз

«Чоң Казат» партиясы төрагасын алмаштырды

Кыска кабар | 17 Авг 2020 | 1592 | 0

Парламенттик шайлоого аттанып жаткан «Чоң Казат» партиясы 16-августта Бишкекте курултай өткөрүп, төрагасын алмаштырды. Расмий түрдө лидер катары катталган Турат Акимов жыйында жаңы лидер катары Максат Мамыткановду сунуш кылды. Делегаттар аны бир добуштан колдоду.

Мамытканов УКМКнын мурдагы Экономикалык жана кызматтык кылмыштарга каршы күрөш башкармалыгын жетектеген. Коомчулукта эксперт катары да белгилүү.

«Чоң Казат» партиясы курултайын расмий түрдө өткөргөн экинчи партия болуп калды. 13-августта «Мекенчил» саясий партиясы кезексиз курултайын өткөрүп, талапкерлеринин тизмесин БШКга тапшырган.

Жогорку Кеңешке шайлоо ушул жылдын 4-октябрында өтөт. Ага катышуу ниетин билдирген партиялар 20-августка чейин съезддерин өткөрүп, талапкерлердин тизмесин БШКга тапшырышы керек.

Copyright © 2017 Maral FM