Биз менен байланышыңыз

Эксперт: Матраимовдун тагдыры саясий кызыкчылыктын гана негизинде гана чечилет

Күн чекит | 29 Ноя 2019 | 1538 | 0

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов күбө катары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке суракка чакырылды. Матраимов журналисттик иликтөөдө жарыяланган бардык жагдайлар боюнча суралары тууралуу айтылды.

УКМК журналисттик иликтөөнүн материалдары боюнча сотко чейинки териштирүүлөрдүн алкагында, ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан тергөө иш-чаралары уланып жатканын билдирет. Учурда сотко чейинки териштирүүнүн алкагында атып өлтүрүлгөн ишкер Айеркен Саймаитиге карата болгон коркутуулар боюнча маалыматтарды териштирүү жүрүп жатат. Биз бул теманын тегерегинде саясат талдоочу Турат Акимов менен маек курдук.

Марал: Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов күбө катары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке бүгүн суракка чакырылды. Негизи, буга чейин журналисттик иликтөөдөгү бардык аты аталган жарандар көрсөтмө берет деп айтылган. Ошол эле учурда, Матраимовдун суракка чакырылышы жөн гана «эл көзүнө көрсөтүү» болуп жатканын айткандар да бар. Ал эмне себептен күбө катары УКМКга суракка чакырылды? Бул тууралуу сиздин оюңуз кандай болду экен?

-Биричиден, кыргыз жараны өлдү. Ал жалган паспорт беле же чынбы, башкысы паспорт чыкты да. Экинчиден, Айэркен Саймаити кыргыз жарандары менен жакын байланышта болгон. Анын ичинде Матраимов да, башка бажы кызматкерлери да бар. Саймаити Кара-Сууда эле иштеген бала экен. Ошон үчүн Кыргызстанга айдан-ачык эле көрүнүп калды. Биздин дипломатиялык унаанын номери да чыгып калды. Ошон үчүн бул адам бизге түзмө-түз тиешеси бар адам болуп чыгып калды. Ал эми журналисттик иликтөөдө Раим Матраимовдун аты анык жана так эле айтылган. Аны мамлекет, президент жана күч түзүмдөрү  жокко чыгара алабайт. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда да иликтөө иштери жүрүп жатат. Ошол эле маалда Түркияда да иликтөө жүрүп жатканы маалым. Биз да кайдыгер карабай, бул багыттагы маалыматтарды алып туруубуз зарыл.

Марал: Эмне үчүн УКМК Матраимовду күбө катары чакырды?

-Биринчиден, Матраимовдун ошол ишке канчалык деңгээлде тийиштиги бар же жок деген далил жок. Саймаити аны айтып, белгилеп кеткени үчүн күбө катары чакырылат. Кийин сураштырып, материалдарды салыштырганда, балким, шектүү адам болуп калат. Эгерде материалдар курчуп, анык шектүү далилдер мыйзам чегинде көбөйүп калса, кийин күнөөкөр да болуп чыгышы мүмкүн. Бирок эң башкы этапта, териштирүү маалында күбө катары гана чакырылат.  

Марал: Журналисттик иликтөөдөн кийин мурдагы консул Эркин Сопоков да камалды. Негизи, бул иш кандай иликтениши мүмкүн?

Сопоков Кыргызстандын  жараны. Өлкөнүн кызыкчылыгын коргоп, Түркияда иштеп жүргөн адам. Сопоков Атамбаевдин доорунда кызматка жеткен. Өлгөн Саймаити Атамбаев менен да, ошол эле учурда Матраимов менен да жакын болгон. Ал ортодо акча ташып жүргөн адам. Мындан улам, Сопопков да канчалык деңгээлде шектүү жана эмне үчүн анын унаасы ошол жерде болгон? Эмне себептен Саймаитиге өзүнүн дип номерин берген? Бул маселелер суракта так билиниши керек. 

Марал: Матраимовго кандай айып коюлушу мүмкүн? Ким чечет? Же бул жөн гана элди тынчтандыруу тактикасыбы?

-Биринчиден, Саймаитинин өлүмү баары бир саясий негизде чечилет. Эгерде бийлик буга көңүл бурбай койсо, бул маселе күчөп өтүшүп кетет. Эл деген журналисттин материалына ынанып турат, кандайдыр бир чара көрүлбөсө башкача жагдай болуп кетиши толук ыктымал. Экинчиден, тергөө азыр таптаза жүрөт. Бардык материалдар топтолуп, токулгандан кийин чогулган документтер, албетте, президенттин кол алдына келет. Бирок өлкө башчы «мен тергөөгө кийлигишпейм» деп айтып коё берет. Бирок бул сигналдын баарын, материалдын фабуласын президентке айтып, түшүндүрүшөт. Ошондон кийин гана саясий чечим кабыл алынат. Эгерде, чын эле Раим Матраимов өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун кудасы болсо же жакындыгы болсо, мурда шайлоодо жардам берген болсо, Матраимовдун келечегин Жээнбеков эле чечип коет. Чечилгенде да саясий кызыкчылыктын гана негизинде чечилет. Анткени Матраимов биздин мурдагы президент Атамбаев менен жана азыркы башчы Жээнбеков менен көп жылдар бою иштешкен адам болгон. 

Copyright © 2017 Maral FM