28-ноябрда Бишкекте Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны Кыргызстандын төрагалыгы астында болуп өттү. Жыйынга ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчылары жана уюм менен кызматташкан башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышып, аймактык жана эл аралык коопсуздук, аскердик экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды. Жыйынтыгында, элдин тынчтыгын камсыздоону көздөгөн маанилүү делген 15 докуменке кол коюлду. Иш-чарага Орусия, Казакстан, Беларус, Тажикстандын президенттери жана Армениянын премьер-министри катышты. Кол коюлган документтер Кыргызстанга кандай таасир тийгизет деген суроонун алкагында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков менен «Күн чекит» программасында маек курдук.
Марал: ЖККУ уюмуна Кыргызстан төрагалык кылган жылы биз эмнелерге жетише алдык? Сиздин баамыңызда кайсы маселелер чечилди ?
—Менин баамымда, ЖККУ уюмуна Кыргызстан төрагалык кылганда өзгөчө коопсуздук тармагында көп ийгиликтерге жетише алды. Эң негизгиси — биздин аскердик күчтөрүбүзгө, куралдуу күчтөрүбүзгө техникалык жабдыктар, вертолет жана башка курал-жарактар жагынан жардам болду. Мындан сырткары, Бишкектеги токтоп турган мурдагы Ленин атындагы заводунун базасында ЖККУ менен биргеликте курал-жарактардын огун чыгаруу кайрадан жанданып, бүгүнкү күндө киреше таап жатат. Ошондой эле, Укук коргоо жана Тышкы иштер жаатында да көп эле жетишкендиктер болду.
Марал: Бүгүн кол коюлган документтер, келишимдер тууралуу эмне билесиз, алар кандай маанидеги документтер болду экен?
-Эң негизгиси — долбоордун чечими боюнча ЖККУга кирген мамлекеттер мындан ары кооперациялык жана интеграциялык байланыштарды, алардын мекемелеринин иштерин коргоону күчөтүүгө кол коюшту. Аны менен катар конструктордук жана изилдөө иштери боюнча биргеликте иш алып барууга да кол коюшту. Бул дагы биздин мамлекет үчүн маанилүү. Эң башкысы — Тажикстандын чек арасы боюнча, террористтик жана экстремисттик топторго каршы күрөшүү боюнча ЖККУнун дагы бир долбоору кабыл алынды. Ал эми жаңы өзгөртүү боюнча айтсам, ЖККУга мүчө мамлекеттердин куралдуу күчтөрү келечекте тынчтыкты орното турган аскерлерди колдонууга өзүнчө баа берилди.
Марал: Өзүңүз билгендей эле, Тажикстанда чек ара аскерлерине “Талибан” террордук уюму тарабынан кол салуу болгон (6-ноябрь). Кыргызстан үчүн да мындай коркунуч жаралышы мүмкүнбү? Бул уюмдагы мүчөлүгүбүздү колдонуп, Кыргызстан өзгөчө кайсы маселелерибизди чечип алышыбыз керек?
-Бул жерде Кыргызстандын чек арасына кирип келип, кол салуу деген коркунуч жок. Биз терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүүдө акыркы убакта ЖККУнун, ШКУнун жардамы аркылуу жогорку деңгээлге чейинки чараларды колдонуп жатабыз. Бирок баары бир бизде да террорисстик жана экстремистик потенциал бар экенин унутпашыбыз керек. Кыргызстандан Сирияга кеткендер бар, өлкөдө жашыруун жүргөндөр бар. Мындан сырткары, интернет аркылуу дагы деле болсо, азгыруу иштери болуп жатат.
Марал: Терроризмге каршы күрөшүүдө бул уюмга мүчө мамлекеттердин механизмдери бирдейби?
-Албетте, терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүүдө ЖККУга мүчө мамлекеттердин негизги стратегиялык багыттары тактикалык жактан бирдей. Ал эми укуктук нормативдик акт жагынан өзгөрүүлөр бар. Маселен, Орусияда кээ бир экстремистик топторго терроризм деген баа берип, катуу жазаласа, Кыргызстанда алар жөн гана уюм катары каралып, аларды террористтик жана экстремисттик уюмдар деп эсептебейт.