Биз менен байланышыңыз

Кайра козголгон «каралар»

Саясат | 24 Окт 2019 | 1138 | 0

 Бүгүнкү күндө Кыргызстанда криминал баш көтөргөнү тууралуу кептер козголуп жатат. Криминалга карата ИИМ эч кандай аракет көрбөй жатканы тууралуу да сындар жок эмес. Коомчулук «шайлоо жакындаган сайын криминалдар ойгонуп, аракеттерин көрө баштады», — деген пикирлерин социалдык баракчаларга жазышууда. Мындан улам, каралардын шайлоодо орду канчалык? Ишкерлердин өлүмү бизнесмендердин башка өлкөгө чыгып кетишине жол ачабы? — деген суроолордун тегерегинде жооп издедик.

Кыргызстанда бир жуманын ичинде эки ишкердин сөөктөрү табылып, коомчулукта резонанс жаратып жатат. Ишкердин бири «Мадина» базарында иштеген чет элдик бизнесмен болсо, экинчи ишкер  39 жаштагы кыргызстандык жаран болгон.  Анын денеси 23-октябрда унаалардын биринин багажынан табылган.

Мындай үрөйдү учурган окуялар өлкөдөгү кылмыш дүйнөсү ойгонуп жатат дегенден кабар берет. Бул пикирин депутат Жанар Акаев айтып чыгып, укук коргоо органдары, милиция кызматкерлери жетишерлик чара көрбөй жаткандыгын сынга алды. Эскерте кетсек, өкмөт башчы ушул жуманын башында жыйын өткөрүп, ишкерлер көйгөйлөрүн криминал менен чечпей, милицияга кайрылууну өтүнгөн.

Депутат Акаев ишкерлерди криминалдан коргоого чакырды

Бул жерде чындап эле шайлоого жакын кылмыш дүйнөсү жанданып жатабы? Алардын шайлоодо орду кандай? — деген суроо туулат. Биз бул боюнча Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Туратбек Мадылбековго кайрылдык. Анын айтымында, кылмыш чөйрөсүндөгүлөр шайлоолордо гана пайда болбойт, алар күнүмдүк жашоодо деле өз иштерин жасап келишет. Болгону мурунку жылдарга салыштырмалуу өтө аша чаап кетишпей, укук коргоо органдарынын бар экенин сезип калышканын айтат.

-«Каралар» бир гана шайлоого жакын ойгонот дегенден алысмын. Анткени алардын жашоосу азыр деле жүрүп жатат. Аларга жеке эле бийлик адамдары  кайрылбастан, жөнөкөй адамдар дагы кайрылып иштерин бүтүрүп жатышат. Мурунку кылмыш дүйнөсүнө салыштырмалуу, учурдун криминалдары жумшагыраак иштеп калды десем жаңылышпайм. Анткени ИИМ, сот буларга карата иштерди алып барып, көп нерсе ачык болуп калды. Бирок азыр айрымдар айтып жатпайбы, бир гана 2020-жылда өтүүчү шайлоого карата ар кандай иштер жасалып, «каралар» жанданып жатышат деп. Мен буга кошулбайт элем.

Ал эми жарандык активист Семетей Талас уулу криминал шайлоого жакын жандана баштаарына күмөнү жок экендигин билдирди. Ал кылмыш дүйнөсүнүн шайлоодо орду чоң, алар добуш маселесин чечип коюучу эң негизги күч экенин кошумчалады.

-Жанданып жатат дегенге негиз бар. Кылмыш дүйнөсүндөгү адамдардын артында, албетте, бийлик турат. Алардын шайлоодо орду чоң. Маселен, добуш аларда же чогултарда. Үгүт иштеринде партиялар бири-бирине каражат которууда, ал акча иштеп жаткан адамдарга жетпеши үчүн да күрөшүүлөр жүрөт. Аймактарга барып, добуш топтоордо кыйноолор, үркүтүүлөр сөзсүз орун алат. Мындан улам, учурдагы бийлик «кийинки шайлоону жалаң гана каралар чечип койбосун, күч колдонуп, башка партия өтүп кетпесин», — деген ой менен бул маселелерди көтөрүп жатышат. Бийлик үчүн каралар — коркутууда, каалаган нерсесин мыйзамсыз алганга эң башкы курал болуп бере турчу адамдар.

Ал эми саясат талдоочу Турат Акимовдун пикиринде, кылмыш чөйрөсүнүн шайлоого, бийликке аралашуусуна анын артындагы бийлик адамдарынын түздөн-түз тиешеси бар. Бирок ал адамдар ар дайым «каралар» деген атты алып жүрүүдөн чарчаганда, бийликке келишет. Анткени алар дагы кадимкидей башкаларга окшоп костюм кийип, иш алып барууга кызыгышат. Алгач акчасы бар бийлик адамдарынын ишин бүтүрүп, байлык топтоп алгандан соң гана мамлекеттик кызматтарга келишет.

-Криминал эч качан өзү менен өзү баш көтөрүп, саясатка кийлигишпейт. Буларды кээ бир саясатчылар өзүнүн кызыкчылыгы үчүн колдонушат. Ошондо гана шайлоо учурунда ал адам үчүн күч колдонуп, каалаган нерсесин аткарышат. Ордуна партиялардан акча алышат. Бирок бул адамдар ар дайым эле ушундай сыяктуу иштерди жасагандан чарчашат. Элдин алдына чыккылары келет, бир иш жасагылары келет. Ошондо баягы кара жол менен топтогон байлыктарын шайлоого салып, кызматка отуруп, бар болгон байлыктарын элдин көзүнө эптеп, арам эмес, адал акчага айлантуунун жолун издешет.

Белгилей кетсек, 22-октябрда 39 жаштагы киши үйүнөн аэропортту көздөй чыккан боюнча дайынсыз болуп, сөөгү аба майданындагы автоунаа токтотуучу жайдагы машинанын багажынан табылган. Маалыматтар боюнча,  каза болгон адам акча ташып иштеп жүргөн жаран экени айтылууда. Бул окуяга чейин «Мадина» базарында соода кылган ишкер 4-октябрда базардан чыккан боюнча дайынсыз болуп, бир нече күндөн кийин сөөгү Кочкор районунан табылган. Маркумду жолдун жээгине көмүп коюшканы боюнча видео да тараган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM