Биз менен байланышыңыз

Мамытканов: Күздөн баштап айып пул арзандайт

Күн чекит | 11 Июн 2019 | 886 | 0

Өкмөт тарабынан жол эрежесин бузгандар үчүн айып пулдун көлөмүн кыскартууну карап чыгуу боюнча курамына атайын адистер, коомдук активисттер кирген жумушчу топ түзүлдү. Алар социалдык түйүндөрдө жол эрежелерин бузган учурда салынып жаткан айып пулдун көлөмү боюнча жазылган билдирүүлөрдүн жана кайрылуулардын негизинде иш алып барышууда. Биз ушул жумушчу топтун мүчөсү, «Чоң Казат» партиясынын лидери Максат Мамытканов менен «Күн чекит» программасында маек курганбыз.

— Идея кимге таандык? Кандай негизде иш алып барасыздар?

— Социалдык тармактарда абдан көп билдирүүлөр орун алып кетти. Анда жол эрежесин бузгандар үчүн салынып жаткан айып пулдун суммасынын көптүгү айтылууда. Мындан улам, өкмөт тарабынан атайын жумушчу топ түзүлдү. Мунун негизинде иш алып баруулар башталды.

— Сиз айтып жаткан жумушчу топто канча адам бар?

— Комиссиянын башчылыгына Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов бекитилген. Бул чечимди өкмөт чыгарды. Мындан сырткары, өкмөт мүчөлөрү, жарандык активисттер да бар. Учурда көптөгөн сунуштарды кабыл алып, ар тараптуу иш алып баруудабыз.

— Айып пулду арзандатуу канча убакытта ишке ашат? 

— Бүгүнкү күндө социалдык тармактардагы каттарды кабыл алып, чогултуп жатабыз. Аны кабыл алган атайын адистер бар. Үйдө отуруп алып, жол эрежесин бузуп коюп, мамлекетке таарынгандарды да катарга чакырабыз. Биргеликте ынтымактуу иш алып баралы. Негизи билдирүү чогултууга 10 күн мөөнөт берилген. Бирок, учурда ШКУнун саммитине бардык органдар даярданып жатпайбы. Ошон үчүн саммит өтсүн, андайын баштайбыз деп токтоп турабыз. Толук кандуу иштелип чыгыш үчүн эки айча убакыт талап кылынат го? Ошондо күзгө барып калабыз. Мыйзамдарды өзүбүз эле кабыл ала койбойбуз. Атайын комиссия бардык талаптарга жооп бере тургандай кылып карап чыгат. Андан кийин элдин сынынан өтсө, мыйзам иштеп баштайт.

— Айып пул болжол менен канча пайызга арзандайт?

— Азыр аны айта албайбыз. Коомчулук кайсы эрежени көрсөтсө, ошого басым жасайбыз.

Copyright © 2017 Maral FM