Биз менен байланышыңыз

“Унаа” ишканасынын Бишкек бөлүмү 19-июлга чейин карантинге жабылат

Кыска кабар | 4 Июл 2020 | 610 | 0

COVID-19дун массалык жайылышын болтурбоо максатында “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаардык бөлүмү жана Аламүдүн, Ысык-Ата райондук бөлүмдөрү 6-июлдан 19-июлга чейин карантинге жабылат. Мындан тышкары, Бишкек шаардык бөлүмүнүн Региондор аралык секторунун (“Риом” авторыногу) иш күндөрү кыскартылып, бул сектор ишемби, жекшемби жана дүйшөмбү күндөрү иштейт. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат бөлүмү билдирди.

Буга “Унаа” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин арасында короновирустук инфекцияны жуктурган учурлардын көп болуусу да себеп болгон.

6-июлдан тартып “Унаа” ишканасынын Борбордук аппараты аралыктан иштөө режимине өтөт. Ушул эле учурда, аймактык бөлүмдөрдүн ишин координациялоо жана контролдоо үчүн “Унаанын” Борбордук аппаратында чектелген сандагы кызматкерлерден нөөмөтү белгиленет.

“Унаанын” иши боюнча маалымат жана консультацияларды алуу үчүн төмөнкү телефон номерлери боюнча кайрылса болот: 0312633174 жана 0312633931.

Copyright © 2017 Maral FM