Биз менен байланышыңыз

Испания: COVID-19’га байланыштуу Наварра аймагын толук жапты

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Окт 2020 | 409 | 0

Испания биринчи жолу коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу Наварра аймагын жабууну чечти. Бул тууралуу «Diario de Navarra» билдирди.

Испаниянын түндүгүндөгү Наварра автономиялуу аймагына кирип-чыгуу жумушка, окууга же шашылыш иштерге гана ачык болорун жарыялады. Чектөөлөр жакынкы күндөрдө күчүнө кирет жана кеминде эки жумага созулат.

Испаниянын башка аймактары да жаңы чараларды жарыялашканын «Reuters» агенттиги жазды.

Джон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, 20-октябрга карата Испанияда 974 миң 400 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталып, 33 миңден ашуун адам каза болгон.

Copyright © 2017 Maral FM