Биз менен байланышыңыз

Испания: Марттан бери биринчи жолу коронавирустан көз жумгандар катталган жок

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Июн 2020 | 518 | 0

Акыркы бир күндө Испанияда коронавирустан улам каза тапкан учур катталган жок.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирус  жуктурган адамдардын саны 239 638 адамга жетти.

Испания Европада вирустан эң көп жабыркаган өлкөлөрдүн бири, анда 27,000 адам коронавирустан көз жумду.

Бирок май айынын аягында чектөөлөр жеңилдей баштады. Мадридде парктар, ири музейлер жана Атлантика океанынын жээгиндеги пляждар ачылды.

Copyright © 2017 Maral FM