Биз менен байланышыңыз

Испания: Июлдан тарта туристтер үчүн карантин алынып салынат

Дүйнө , Кыска кабар | 26 мая 2020 | 424 | 0

Испанияда 1-июлдан тарта туристтер үчүн 2 жумалык милдеттүү карантин алынып салынат. Өкмөт чет өлкөлүк коноктордун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык чараларды көрүүгө убада берди. Бул тууралуу Reuters жазды.

Учурдагы эрежелер боюнча, коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында өлкөгө келген бардык адамдар 14 күндүк карантинден өтүшү зарыл.

Испания пандемиядан жапа чеккен өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Март айынын ортосунда өлкөдө калктын кыймылын чектелип, күчөтүлгөн режим киргизилген.

2-майда чектөөлөр жеңилдей баштаган. Тагыраагы, сейилдеп, спорт менен машыгуу үчүн жарандарга көчөгө чыгууга уруксат берилген.

Акыркы маалыматтар боюнча Испанияда пандемия учурунда 235 миңден ашык адам коронавируска чалдыгып, алардын 28 миңден ашыгы көз жумган.

Copyright © 2017 Maral FM