Биз менен байланышыңыз

18-май: Дүйнөдө вируска чалдыккандар 4,7 миллиондон ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 18 мая 2020 | 586 | 0

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктурган адамдардын саны 4,525 миллион кишиден ашып, алардын ичинен 307 миң адам каза болду. Ал эми Жонс Хопкинс университетинин учурдагы маалыматына караганда, дүйнөдө 4,7 миллиондон ашык адам илдетке чалдыгып, алардын 315 миңден ашыгы көз жумган.

Жонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, тастыкталган учурлардын саны боюнча АКШ лидер бойдон калууда. АКШда инфекция жуккан адамдардын саны 1,48 миллион адамга жетти. Экинчи орунда Орусия (281 миң), үчүнчүдө Улуу Британия (244 миң), төртүнчү Бразилия (241 миң), бешинчи орунда Испания (230 миң).

Ал эми вирус келип чыккан Кытайда акыркы маалыматтар боюнча, бүгүнкү күндө коронавирус жуктургандардын саны 82 954 адамга жетти. Алардын ичинен 78 227 бейтап айыгып, 4633 адам көз жумду.

Дональд Трамп АКШда COVID-19 менен коронавирустук инфекциянын жаңы учурлары кыйла төмөндөгөнүн айтты. Анын айтымында, бул маалымат ал үчүн “жакшы жаңылык” болуп саналат.

Буга чейин Трамп АКШда коронавирустук вакцинанын пайда болушу мүмкүн экендигин жарыялаган. Анын айтымында, вакцина ушул жылдын аягына чейин же андан эрте иштелип чыгышы мүмкүн. Ал вакцинаны бекер кылуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө сөз кылып, баары жакшы боло тургандыгын билдирген.

Испанияда 12-марттан бери биринчи жолу күнүнө коронавирустук инфекциядан өлгөндөрдүн эң төмөнкү деңгээли катталды. Испаниянын премьер-министри Педро Санчес бир күн ичинде өлкөдө буга чейин COVID-19 тастыкталган 87 адам өлгөнүн жарыялады. Министрлер кабинетинин башчысы Испанияда жалпысынан 421 коронавирустун жаңы учуру аныкталгандыгын айтты. Бул 16-майдагы көрсөткүчтөн 21%га жогору болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM