Биз менен байланышыңыз

Илим Калмуратов: «Учур» театры жабылып калды

«Маданият — мамлекеттин күзгүсү» дегени менен бул тармакка, анын ичинен театрга көңүл бурулбай, канчалаган өнөр ээлери ишсиз калды. Маселен, «Учур» театры бир жылдан бери иштебей, спектаклдер коюлбай калган. Бул тууралуу актер Илим Калмуратов «Марал» радиосуна берген маегинде айтып, төмөнкүлөргө токтолду:

— «Учур» театры 2001-жылы ошол кездеги президент Аскар Акаевдин демилгеси менен Улуттук телерадио корпорациясынын (азыркы Коомдук телерадио корпорациясы) астында түзүлүп, айлыкты ошол жактан алчубуз. Министрликке караганда УТРКда жакшы төлөп берип, андан тышкары кошумча эмгек акы (гонорар) да бар болчу. Өз жаныбызды бакканга кенен жетчү. Ал убакта гастролдорго чыгып, эл аралык фестивалдарга катышып жүрдүк. Алгылыктуу ийгиликтерди жараттык. Спектаклдерибиз телеканал, радиолордон да кетип турду. Кийин ыраматалык Мелис Эшимканов башкы директор болгондо, бизди Маданият министрлигине которуп салып, жарыбаган айлыкка отуруп калдык. Спектаклге даярданыш үчүн КТРКнын залын ижарага алабыз.

Бийлик алмашып, ылдый-өйдө болуп жаткан күндө да биздин дарегибизге айтылган жакшы сөздөрдү, алкоолорду угабыз. Бирок биздин ижара акыбыз, айлыгыбыз, кыскасы, каржы маселебиз чечилбей кала берет. «Учурда» иштегендердин курагы 18-20 жаштын тегерегинде, ашып кетсе 25ке барат. Бошогон орундар кайра эле жаштар менен толукталып келет. «Учур» театрынын азыркы директору Шаршенбек Шейшенов чуркап эле жүрөт. Бирок, жыйынтык жок. Демек бул дагы бут тосуу болсо керек.

Каражат маселесинен улам, сахнабыз да жок. Негизи КТРКнын базасындабыз. Алардын өзүлөрүнүн программалары көп, кол караган баладай болуп отурабыз. Сахнасы кичине бошоп калса, иштеп калышыбыз мүмкүн, болбосо жок. Көптөгөн актёр, актрисалар ишсиз калышты. Башка жактарга кайрылсак, ижара төлөөгө туура келет. Ошого байланыштуу иштебей калдык. Театрды ойлогон эч ким жок. 

Copyright © 2017 Maral FM